MegaCom компаниясынын жетекчиси канча айлык аларын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор ЗАО "Альфа Телеком" Акылбек Жамангулов
Директор ЗАО Альфа Телеком Акылбек Жамангулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акылбек Жамангулов атаандаш эки компаниянын жетекчилери канча айлык аларын да айтты.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. MegaCom компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангулов учурда айына 200 миң сом айлык аларын "КТ Мобайл" мамлекеттик ишканасынын ишмердигин иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынында айтты.

Талкуу учурунда комиссиянын мүчөсү Гүлшат Асылбаева MegaCom компаниясынын жетекчилигине кайрылды.

"Эмне үчүн "КТ Мобайл" компаниясынын жетекчилеринин айлыктары айтылат дагы, силер өзүңөрдүкүн коммерциялык сыр, кат түрүндө беребиз деп жатасыңар. Бул жерде да акыйкаттык болушу керек", — деди депутат.

Зарплата в КР - Sputnik Кыргызстан
2019-жылдын январь-мартындагы орточо айлык эмгек акы. Сандар
Өз кезегинде Акылбек Жамангулов MegaCom компаниясына келгенине 5 айдын жүзү болгонун жана анын айлыгы мурдагы жетекчилердикине караганда бир кыйла азайтылганын билдирди.

"Көптөгөн техникалык жана IT адистерди башка компаниялар кызыктырып алып кеткенге аракет кылып жатат. 500, 1000 долларга чейин көп айлык беребиз деп чакырып жатышат. Биздин мекемедеги азыркы айлыкты өзүм эле көтөрүп койгонго мыйзам жол бербейт. Каражат таап жаткан компаниянын адистери татыктуу айлык алышы керек", — деди ал.

Жамангулов, андан сырткары, анын бир орун басары бар экенин, ал 165 миң сом маяна аларын билдирди. Ал ошондой эле мисал катары Кыргызстандагы башка эки уюлдук оператордун жетекчилеринин бири 18 миң доллар алса, экинчиси 28 миң доллар айлык аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0