Бишкекте таза суу көйгөйү качан чечилет. "Бишкек суу каналдын" жообу

Жазылуу
Борбор калаанын түштүк тарабында жашаган калк суунун жоктугуна нааразы болуп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Ичүүчү суу боюнча көйгөй аны ысырап кылып пайдалануу токтолгондо жок болот. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине "Бишкек суу каналдын" маалымат катчысы Эрлан Тимуров билдирди.

Суу краны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектиктерге ысык суу качан берилери айтылды
"Бишкек сегодня" Тelegram-тобуна борбор калаанын түштүк бөлүгүнүн жашоочулары аталган маселени айтып, маалымат калтырган.

Тимуровдун айтымына караганда, учурда суу кампалары менен скважиналар болушунча иштеп жатат. Арча-Бешик жаңы конушунун түштүк бөлүгүндөгү суу көйгөйүнүн жаралышы сугат иштеринен улам болууда. Көп кабаттуу үйлөрдө суу бар, бирок жакшы чыкпай жатат.

"Ысык суу чыкпай жатканда муздак суунун көп пайдалангандыктан ушундай абал жаралууда. Өйдөңкү кабаттарга жетпей калган аймактар бар. Алар —№ 4, 5, 7 жана 10 кичирайондор. Бул көйгөй качан гана жашоочулар сууну туура колдонгондо, тагыраагы, ысык суу бериле баштаганда жоголот", — деп айтты Тимуров.

Ал кыш мезгилинде мындай жагдай жаралбай тургандыгын, себеби эл ысырап кылбай пайдаланып каларын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0