Милицияда иштегиңиз келеби? Чүй облусундагы вакансиялар

Жазылуу
ОИИБ Кайгуул милициясында иштей турчуларга коюлган талаптарды ачыктады.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Кайгуул кызматынын милиционери кызматына тандоо жүрүп жатканын билдирди.

Талаптары:

  • Кыргызстандын жараны болушу керек;
  • 30 жашка чейин;
  • Куралдуу күчтөрдө же альтернативалык кызматта аскердик кызмат өтөгөндүгү тууралуу аскердик билет, же окуу жай алдындагы аскер кафедрасында окуудан өтүп, запастагы офицер наамынын болушу шарт;
  • жогорку, орто кесиптик билими тууралуу диплом же 11-классты бүткөндүгү тууралуу аттестат;
  • соттолбогон жана кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган;
  • эркектердин бою 170, аялдардыкы 168 сантиметрден кем эмес болушу керек.

Бардык суроолор боюнча Чүй облустук милициянын Кайгуул-посттук кызматынын кадрлар бөлүмүнө кайрылууга болот.

Дареги: Аламүдүн району, Ленин айылы ПМК0-3. Телефону: 0 (312) 44-64-33.

Жаңылыктар түрмөгү
0