01:53 31 Жалган Куран 2020
Түз эфир
  • USD80.8100
  • EUR89.6142
  • RUB1.0114
Коом
Кыскача шилтеме алуу
96602

Эл өкүлү Чүй менен Токмоктогу токой чарба башкармалыгынын жетекчиси ишин бизнеске айлантып алганын айтты.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаев Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Чүй жана Токмоктогу башкармалыгынын жетекчиси токой чарбаны бизнеске айландырганын айтып кейиди.

Анын билдирүүсү боюнча, мурда Токмоктон Ысык-Көлдү карай өтүп баратканда теректерден үйлөр көрүнчү эмес, бүгүнкү күнү теректер кыйылып, балык өстүрүү үчүн көлмөлөрдү жасаганга уруксат берилген.

"Жердин баарына балык өстүрүүгө уруксат берип, бизнеске айландырды. Ушул боюнча жакшылап көзөмөлгө алып койсоңуздар. Андан сырткары, Токой чарбанын 2-3 жыл мурда 100гө жакын жылкысы бар болчу. Той-ашка союп жатып 20дай эле жылкысы калды деген маалымат келип жатат", — деди ал.

Депутат ошондой эле Токмок кооптуу шаар экенин айтып, ал жактагы калаа милициясына аймакты жакшы билген милиционерди жетекчи кылуу керектигин өкмөттүн өкүлүнө айтты.

Тема боюнча

Бир айда канча тойго барасыз? Таң калган, чочуган депутаттардын жообу видеодо
Белгилер:
жылкы, Жогорку Кеңеш

ЭҢ МААНИЛҮҮ