"Ала-Тоо" аянтына чиймелеген бала "Тазалык" менен иштеп берүүгө даяр

© пресс-служба мэрии города БишкекПоиски вандала, разрисовавшего площадь Ала-Тоо
Поиски вандала, разрисовавшего площадь Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия буга чейин ээнбашты издеп жаткан.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтынын бир нече жерин чиймелеп кеткен өспүрүм кечирим сурап, "Тазалыктын" кызматкерлери менен бирге иштеп берүүгө даяр. Бул тууралуу ишкананын маалымат катчысы Жибек Каракеева билдирди.

Ала-Тоо аянты кубулду! Зеленхоз жумушчуларынын колунан чыккан кооздук видеодо - Sputnik Кыргызстан
"Ала-Тоо" кубулду! "Зеленхоз" жумушчуларынын колунан чыккан кооздук видеодо
Эске салсак, 29-майга караган түнү Бишкектин борбордук аянтына белгисиз бирөө Instagram-аккаунттун дарегин жазып кеткен. Эртеси күнү аны мэрия издей баштаган.

Каракееванын айтымында, ал ээнбаштык кылган бала менен байланышып, "Тазалык" ишканасынын кызматкерлеринен кечирим суроосун жана алар менен бирге иштеп берүүнү сунуштаган. Өспүрүм макул болгон. Бүгүн жолугушуунун убакыт-сааты такталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0