Атамбаевге коюлмак делген үн тыңшагычтар чыры. Прокуратуранын маалыматы

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-президент Алмазбек Атамбаев. Архив
Экс-президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-президент Алмазбек Атамбаевден үн тыңшагычтарды орнотуу окуясы боюнча Башкы прокуратурага 27-майда арыз түшкөн.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кабинетине УКМК үн тыңшагычтарды коюуга аракет кылган деген маалыматтар боюнча иликтөө башталды. Бул туурасында Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Белгилей кетсек, интернет айдыңында өзүн "Форум" имаратында (Анда КСДПнын кеңсеси жайгашкан) иштеген киши катары тааныштырган адамдын видеосу тараган. Ал УКМКнын кызматкери Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязовдун кабинетине үн жаздыруучу каражатты орнот деп талап кылып жатканын билдирген.

Видеодо кишинин жүзү көрсөтүлгөн эмес. Анын жанында Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Дамир Мусакеев отурганын көрүүгө болот. Киши УКМКнын кызматкерлери аны апрель айынан бери аңдып жүрүп, акыры WhatsApp аркылуу чалышканын билдирген.

Анын айтымына караганда, атайын кызматтын өкүлдөрү эгер УКМК менен иштешпесе ага каршы "компромат" табышарын билдиришкен.

"Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин талабы боюнча сотко чейинки иликтөө иштеринин башталышына жасалган жана даярдалып жаткан кылмыш иштери боюнча жазылган арыз негиз боло алат. Жазык-процессуалдык кодексининин 151-беренесине ылайык, ыйгарым укугу бар органдар жогоруда айтылгандай учур боюнча арызды кабыл алып жана катташы керек. Баш тартуу деген болбойт, анда кылмыш жообуна тартылат", — деп айтылган маалыматта.

Закрытое заседание фракции СДПК - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев кайтаруусуз калдыбы? УКМКнын жообу
2019-жылдын 24-майында Аскер прокуратурасы үн тыңшагыч боюнча жарыяланган материалдардын негизинде окуяны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин үч беренесинин негизинде каттап, жагдайды аныктап чыгуу боюнча сотко чейинки иликтөө башталды.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевден үн тыңшагычтарды орнотуу окуясы боюнча Башкы прокуратурага 27-майда арыз түшкөн.

Көзөмөл органынын маалыматында, бул кайрылуу буга чейин башталган сотко чейинки иликтөөлөргө кошуп тиркелип, факты тергөө жолу менен тыкыр текшерилип, анын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилери айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0