Көр чуусу. Бишкектеги көрүстөнгө маркумдар мыйзамсыз коюлуп келген

© Sputnik / Михаил ДудинБишкектин Түштүк-батыш көрүстөнү. Архив
Бишкектин Түштүк-батыш көрүстөнү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкек аза кызматтар агенттиги" муниципалдык ишканада иштеген эки адамга кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Бишкектин Түштүк-батыш көрүстөнүнө маркумдардын мыйзамсыз коюлуп келгени боюнча иликтөө тууралуу маалымат беришти.

Ага ылайык, "Бишкек аза кызматтар агенттиги" муниципалдык ишканасында иштеген эки кызмат адамына кылмыш иши козголгон.

"Материалдарга ылайык, муниципалдык ишкананын кызматкерлери 2014-2015-жылдары маркумдарды жерге коюуда тийиштүү документтерди толтурбай, агенттиктин кассасына акча которбостон уруксат берип келген. Мэриянын комиссиясы 200дөн ашык көрүстөнгө атайын уруксат берилбегенин аныктаган", — деп айтылат маалыматта.

Жаназа окуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сөөктү жерге берүү үчүн канча акча жана эмне документ керек? Расмий маалымат
Башкача айтканда, аза кызматын көрсөткөн агенттикке миллион сомдой түшпөй калган. Жүргүзүлгөн аудит дагы мыйзам бузуулар болгонун ырастаган. Быйыл февраль айында агенттиктин мурдагы директору К.Б., көрүстөндүн кароолчусу М.К. жана бригадир А.Ф. аттуу жарандар шектүү катары аныкталып, ишинен убактылуу четтетилген.

Финпол экинчи мыйзамсыз иштер боюнча маалымат берип, анда инженердик коммуникация өтө турчу жерлер маркумдарды коюуга берилип кеткенин ачыктаган. Бирок бул жерлерде мүрзө табылган эмес.

"Агенттиктин айрым кызматкерлери жер беребиз деп жарандарды алдап акча алышкан", — дешти Финполдон.

Тергөө иштери учурунда мурда иштеп кеткен жана азыр иштеп жаткан кызматкерлер суракка алынган. Иш сотко жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0