Оор турмуштук кырдаалга туш болгон балдардын электрондук базасы түзүлдү

© Sputnik / Эмиль СадыровСело Кулунду Лейлекского района Баткенской области
Село Кулунду Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоорду алгач Чүй облусунун эки районунда пилоттук түрдө киргизүү пландалууда.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында оор турмуштук кырдаалга кабылган балдардын электрондук базасы түзүлдү. Демилге вице-премьер Алтынай Өмүрбекованын тапшырмасы менен ишке ашырылганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

База ЮНИСЕФтин техникалык колдоосу менен иштелип чыкты.

"Көрүлүп жаткан аракеттерге карабастан балдарга карата жасалган кылмыштардын саны өсүп, жаштар тарабынан жасалган кылмыштардын деңгээли жогору бойдон калууда. Ички жана тышкы миграция ата-энелер тарабынан туугандарында жана тааныштарында калтырылган балдардын санынын өсүшүндө зор роль ойнойт. Балдар мындай учурларда көбүнесе алардын муктаждыктарын капарга албаган жактар тарабынан зомбулукка жана катаал мамилеге кабылышат", — деп айтылат маалыматта.

Түзүлгөн электрондук база оор шартта жашаган балдарды аныктап, аларга мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер тарабынан өз убагында жана тиешелүү жардам көрсөтүү, аларды жайгаштыруу, алар менен алдын алуу иштерин жүргүзүү максатында "Түндүк" электрондук тутуму менен бириктирилери белгилүү болду.

"Аймактык мамлекеттик органдар кайсы жерде болбосун аныкталган бала тууралуу маалыматты киргизе алышат. Бул болгон маалыматтарды координациялап, башкарууну жакшыртат, түрдүү суроолорго талап кылынган чыгымды үнөмдөп, эң башкысы, зарыл болгон кызматтарды жана жашоо шарты оор балдарга жардам көрсөтүү убактысын кыскартат", — деп айтылат билдирүүдө.

Аптека сети Волгофарм в Волгограде - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда дары-дармектин электрондук базасы түзүлөт. Артыкчылыгы эмнеде?
Иштелип чыккан тутум оор турмуштук шарттардын киргизилген жагдайларынын негизинде автоматташтыруу жолу менен оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарды жана алардын үй-бүлөсүн коргоо боюнча Индивидуалдык план долбоорун түзөт. Маалыматтар базасынын иш мүмкүндүктөрүн иштеп чыккан соң аны Чүй облусунун эки районунда пилоттук түрдө киргизүү пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0