Балыкчыда бойдон түшүрүүчү дары сатууга айыпталган дарыгер иштен айдалды

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүДары-дармектер. Архив
Дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда укук коргоо органдары иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Бойдон түшүрүүчү дары сатууга айыпталган Балыкчыдагы №95 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери иштен айдалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Резонанстуу окуяны атайын комиссия иликтеген. Буга чейин бир катар ЖМКларга дарыгер 24 жаштагы кош бойлуу келинге туура эмес диагноз коюп, анын боюнан түшүрүү үчүн Кытайдын белгисиз препараттарын сатканы боюнча маалыматтар тараган.

Аптека сети Волгофарм в Волгограде - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда дары-дармектин электрондук базасы түзүлөт. Артыкчылыгы эмнеде?
Бейтаптын айтымында, дарыгер түйүлдүк өспөй калганын билдирип, 2000 сомго дары саткан. Мындан күмөн санаган келин Бишкектеги жеке клиникаларга келип текшерүүдөн өткөн. Натыйжада түйүлдүк туура өсүп жатканы белгилүү болгон. Кийинчерээк дарыгерден жабыркаган башка адамдар да чыгып, укук коргоо органдарына кайрылышкан.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти, Медициналык жардам уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгы жана башка жоопкерчиликтүү тараптар менен жыйын курган. Министр дары сатуу процессин тыкыр көзөмөлдөп, бойдон алдырууну бир гана медициналык мекемелерде жүргүзүү тапшырылды.

Министрлик ошондой эле дарылардын сатылышына жана медициналык кызматтардын сапатына мониторинг жүргүзүүнү пландап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0