Япон депутаты кыргызстандыктардын виза алуусуна көмөктөшмөй болду

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүГорода мира. Токио
Города мира. Токио - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламентарий кыргызстандыктардын Японияда ишке орношуусуна да жардам бермекчи.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Япониянын эл өкүлдөр палатасынын депутаты Ген Накатани кыргызстандыктардын виза алуу процессин жеңилдетүү жана КР жарандарынын аталган өлкөдө жумушка орношуусу боюнча маселени карай турганын убадалады. Бул тууралуу Миграция кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Накатани Миграция кызматынын жетекчиси Болотбек Ибраимжанов менен жолуккан.

"Сүйлөшүү учурунда Ген Накатани мырза миграция тармагындагы алаканы жөнгө салуу маселесин карап, виза алууну жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга убада берди. Аны менен бирге депутат кыргызстандыктардын айыл чарба, мелиорация жана өнөр жай тармагында ишке орношуусуна да көмөктөшмөкчү", — деп айтылат маалыматта.

Экзамены в техникум в Цзинане. Китай - Sputnik Кыргызстан
Ишсиз калгың келбесе... Кыргызстанда эң керектүү 10 адистик аныкталды
Ибраимжанов, мындан тышкары, Tokyo Rope International компаниясынын президенти Казунори Сато менен да жолуккан. Аталган компания тоо-кен тармагында иш алып барып, металл буюмдарын өндүрөт. Жети заводду жана 150 туунду компанияны иштетет. Сато ишканада Кыргызстандан барган беш геолог-инженер стажировкадан өтүп жатканын айтып, дагы 300 тоо инженерин кабыл алууга даярдыгын белгиледи. Анын айтымында, жумушка кирген КР жарандарынын айлык акысы Кумтөр кениникинен аз болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0