Ишсиз калгың келбесе... Кыргызстанда эң керектүү 10 адистик аныкталды

© AFP / GREG BAKERЭкзамены в техникум в Цзинане. Китай
Экзамены в техникум в Цзинане. Китай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл сайын өкмөт тарабынан жогорку окуу жайларга 5 705 гранттык орун бөлүнүп берилет.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Билим берүү министрлиги менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2018-2022-жылдары эң керектүү болчу 10 адистикти аныктады.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, бул жылдары эмгек рыногунда өнөр жай, билим берүү, курулуш, айыл чарба жана медицина тармактарына адистер көбүрөөк талап кылынат. Алар:

  • маалыматтык коопсуздук боюнча адистер;
  • маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш тутуму;
  • тоо-кен иши;
  • геологиялык чалгындоо технологиясы;
  • технологиялык машиналар жана жабдуулар боюнча адистер;
  • медицина;
  • менеджмент жана маркетинг;
  • агрардык инженерия;
  • курулуш тармагындагы адистер;
  • билим берүү.

Офис кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үч айда чакан ишканаларга 500дөн ашуун киши ишке орношкон
Ал эми дүйнөдө суроо-талап эң жогору болгон адистиктер IТ адиси, долбоорлоочу инженер, окутуучу, юрист, медик, маркетолог, тейлөө кызматы жана эколог экени айтылды.

Маалымат үчүн кошумчалай кетсек, былтыркы окуу жылында ЖРТдан эң көп балл топтоп, гранттык орундарга өткөндөрдүн басымдуу бөлүгү программалык инженерия, дарылоо иши, продуктулар технологиясы жана коомдук тамактанууну уюштуруу, педиатрия, лингвистика, психология, маалыматтык коопсуздук, колдонмо математика жана информатика, медициналык алдын алуу иши жана малдан алынган азыктар технологиясы адистиктери боюнча окуп жатышат.

Жыл сайын өкмөт тарабынан жогорку окуу жайларга 5 705 гранттык орун бөлүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0