Төлөбөй койсом эмне болот? Акы алынчу унаа жайлары боюнча 10 суроого жооп

Жазылуу
Шаар башчылыгы Бишкекте 1500дүн тегерегинде акы алынчу унаа токтотуу жайын курууга белсенди. Ушул жаатында негизги суроолорго бул макаладан жооп табууга болот.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Бишкек мэриясынын муниципалдык унаа токтотуучу жайлар департаментинин директору Дамир Жумашев Sputnik Кыргызстандын редакциясына Бишкекте акы алынчу токтотмолор кандай уюштуруларын айтып берди.

Мэрия акы алынчу унаа токтотмолорун уюштуруу боюнча долбоорду Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна чыгарды. Мында үч унаа токтотмо зонасын түзүү сунушталууда:

Установка паркоматов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Акы төлөнүүчү унаа токтотмолордон Бишкек канча пайда көрөт
№1 зонада (борбор) унаа токтотуунун алгачкы сааты 30 сом турат, кийинкилерине 10 сомдон төлөйсүз;

№2 зонада унаа токтотуунун биринчи сааты үчүн 20 сом, кийинкилерине 10 сомдон бересиз;

№3 зонада унаа токтотмонун алгачкы саатына 15 сом, кийинки сааттарына 10 сомдон кошулуп отурат.

Бул аймактарга кирбеген унаа токтотмолорунда саатына 10 сомдон алынат. Токтомдун долбоорунда авто туруучу жайлар үчүн да тарифтер каралган: аймагына карабастан, бир автолук орун суткасына 50 сомго бааланууда.

Токтотмо аймактарын бул интерактивдик картадан көрө аласыз.

Токтотмо үчүн акча кантип жана кимге төлөнөт?

Айдоочу мобилдик тиркеме, паркомат аркылуу же унаа токтотмо кызматкерине төлөй алат.

Акы төлөбөй айдап кетсе эмне болот?

Айдоочуга айып пул салынат. Анын өлчөмү азырынча аныктала элек. Унаа токтотмолорго эреже бузууларды каттай турган камера жана атайын программалык камсыздоолорду орнотуу пландалган. Акы топтоо менен аймактын ижарачысы алектенет.

Ижарачы ким?

Аукцион аркылуу унаа токтотмону ижаралоого укук алган юридикалык же жеке жак. Ижарачы айдоочулар үчүн бардык шарттарды түзүп берүүгө тийиш. Ижара акысы али тактала элек.

Ижарачыга кандай талаптар коюлат?

Ижарачы үчүн унаа токтотмону уюштуруу стандарты киргизилет. Акы алынчу унаа токтотмо экенин билдирген белги коюлушу шарт. Токтотмого кирген, чыккан жол катмары жаңыланып, камера орнотулушу зарыл. Ошентсе да токтотулган машиналар тыгын жаратпоого тийиш.

Акы алынчу унаа токтотмодо машинамды чийип кетишсе эмне болот?

Машинага зыян келтирилсе, жоопкерчиликти ижарачы алат. Тартипке унаа токтотмонун кызматкерлери көз салат.

Унаа токтотмолору күнү-түнү иштейби?

Таңдан тарта 20.00гө чейин бекитилген тариф иштейт, ал эми калган убакта башка акы алынат.

Бир нече мүнөткө гана токтотсом да акы төлөшүм керекпи?

Унаа токтотмого айдап киргениңизде эле төлөөгө тийишсиз. Эгер айдоочу эки унаа токтой турган жерди ээлеп алса, акы эки эселенет.

Автомду аймактын кире беришиндеги эле бир жерге токтотуп койсом деле төлөй беремби?

Жок. Аймактарга бөлүүдө унаа токтотмонун болжолдуу жайгашуусу көрсөтүлүп турат. Бишкекте 1500дүн тегерегинде унаа токтотмо курулат. Алардын так орду аныктала элек, себеби долбоор бекитиле элек.

Ижарачы мэрияга канча төлөйт?

Ижара акысы азырынча аныктала элек. Жобо кабыл алынгандан кийин түзүлө турган атайын комиссия тийиштүү чечим чыгарат.

Ижарачы айдоочуларга тийиштүү шарттарды түзүп бербесе, кандай болот?

Мэрия ижарачы менен келишим түзөт. Милдеттенмелерди аткарбаса, калаа башчылыгы ага чара көрөт. Эгер айдоочулар ижарачы тарабынан эреже бузууларга кабылса, муниципалдык кызматтарга кайрыла алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0