Бишкекте кыргыз-кытай бизнес форуму уюштурулат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевОфициальный визит премьера Государственного совета Китая Ли Кэцян
Официальный визит премьера Государственного совета Китая Ли Кэцян - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага эки өлкөнүн башчыларынын да катышуусу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Борбор калаада кыргыз-кытай бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу Инвестиция жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Деньги и очки - Sputnik Кыргызстан
Эл аралык банк Кыргызстандагы чакан бизнес боюнча форум өткөрөт
Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн соода-экономикалык алакасын жакшыртууга багытталган иш-чара 11-июнь күнү уюштурулат. Ага президент Сооронбай Жээнбеков менен Кытай лидери Си Цзиньпиндин да катышуусу күтүлүүдө.

Анда коңшу өлкөдөн келген инвесторлор жергиликтүү мамлекеттик орган жана ишкерлер менен ар тараптан кызматташууну талкуулашат.

Ошондой эле форумда тараптардын энергетика, айыл чарба, өнөр жай, маалыматтык технологиялар жаатында кызматташуусу боюнча сөз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0