Көлдө балдарды өнүктүрүүгө арналган чоң жыйын өтүп, аны поэзия кечеси коштойт

© Sputnik / Табылды КадырбековТалаада футбол ойноп жаткан балдар. Архив
Талаада футбол ойноп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конференциянын тыныгуу учурларында акындар Олжобай Шакир, Алтынбек Исмаилов чыгармаларынан көркөм окуп берип турат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Ысык-Көлдө "Жайлоо өнүгүү борборлору" долбоорунун алкагында "Эрте курактагы балдарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана альтернативдүү моделдери" аттуу республикалык конференция өтөт. Бул туурасында Роза Отунбаеванын эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

Иш-чара 28-29-майда болуп, ага экс-президент Роза Отунбаева, Кыргызстандын жети дубанынын "Жайлоо өнүгүү борборлорунун" жетекчилери, тарбиячылары катышат. Андан сырткары, өкмөттүн аймактардагы өкүлдөрүнүн орун басарлары, райондук мамлекеттик администрациялардын, облустук методикалык билим берүү борборлорунун, бала бакчалардын жетекчилери, Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери келет. Ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, билим берүү тармагындагы эксперттер болуп жалпысынан 200дөн ашык адам чакырылган.

Кыргызстанда канча бала бакча бар? - Sputnik Кыргызстан
Керебетте 4-5тен уктап... Бала бакчалар боюнча кейиштүү сандар
Конференциянын биринчи күнүндө "Жайлоо өнүгүү борборлору" долбоорунун ишмердүүлүгү, өзгөчөлүктөрү, ийгиликтери, кемчиликтери боюнча жасалган анализдер сунушталат.

Андан соң "Балдардын когнитивдик жана психосоциалдык (кем) өнүгүшү. Биздин балдарыбыз келечектүү эмгек рыногунда", "Жакырчылыкты чагылдырууда ММКнын ролу. Баланы комплекстүү өнүктүрүү" темасында презентациялар болмокчу.

Конференциянын тыныгуу учурларында акындар Олжобай Шакир жана Алтынбек Исмаилов чыгармаларынан көркөм окуп берип турушат.

Жаңы технологияларды колдонуунун тенденциялары жана мааниси темасында да презентациялар өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0