Өкмөт менчик бала бакчага барчулардын жарым акчасын төлөмөй болду. Шарты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСпециализированный Центр реабилитации детей и семьи (Дом ребенка) в Бишкеке
Специализированный Центр реабилитации детей и семьи (Дом ребенка) в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакында Бишкек шаарында аз камсыз, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн жана айлыгы аз мамлекеттик кызматкерлердин балдарын бакчага киргизүү боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин социалдык долбоору старт алганы турат.

Министрликтин маалыматына ылайык, мамлекет жеке менчик бала бакчалардагы төлөмдүн 50 пайызын өз мойнуна алууга даяр, башкача айтканда, бала үчүн бакчага берилчү каражаттын теңин төлөп берет.

Долбоорго кимдер, кандай критерий менен катыша алат, баласын жарым төлөм менен бакчага берем дегендер кандай документ даярдашы керек? Долбоорго Бишкек шаарындагы жеке бала бакчанын баары киреби? Бул суроолорго Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Нурзида Касымова жооп берди.

Долбоор тууралуу

Пригородная средняя общеобразовательная школа - Sputnik Кыргызстан
500 орундуу мектепте 3000 бала окуп... Бишкектин окуучу батпай калган билим жайлары
Долбоордун максаты — мектепке чейинки билим берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, аялуу катмардагы үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү. Башкача айтканда, мамлекет 1-июндан тарта жеке менчик бала бакчалардагы төлөмдүн 50 пайызын өзүнө алууга даяр. Бирок баарына эмес, жеңилдик алуучуларга атайын шарттар каралган.

15-майга чейин долбоорго катыша турган жеке менчик бала бакчалар документтерин тапшырган. Эми 1-июнга чейин балдарга социалдык талон алуучулардын (ата-энелердин) документтери кабыл алынмакчы. Бул пилоттук долбоор болгондуктан быйыл Бишкек шаарында гана иштейт.

Социалдык долбоор кызматын кимдер колдоно алат?

  • Көп балалуу үй-бүлө (5 жана андан көп баласы бар);
  • Аз камсыз үй-бүлө;
  • Баккан адамынан айрылган, үй-бүлөнүн жалпы кирешеси 12 миң сомдон кем болгон бүлө;
  • Ата-энесинин бирөө I же II топтогу майып болсо;
  • Ата-энесинин бирөө же экөө тең мамлекеттик, муниципалдык кызматкер жана алардын ар биринин орточо айлык акысы 12 миң сомдон кем болсо.

Кандай документтер керектелет?

Жалпы документтер:

  • Долбоорго катышуу боюнча арыз;
  • Ата-энесинин паспортторунун көчүрмөсү;
  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
  • Балага медициналык маалымкат.

Көп балалуу үй-бүлө үчүн кошумча документ:

  • Үй-бүлөнүн курамы тууралуу маалымкат.

Аз камсыз болгон үй-бүлө үчүн кошумча документ:

  • Социалдык өнүгүү башкармалыгынын кирешеси тууралуу маалымкаты;

Ата-энесинин бирөө I же II топтогу майып болгондорго кошумча документ:

  • Ата-энесине медициналык-социалдык комиссия берген корутунду (МСЕК)

Баккан адамынан айрылгандар үчүн кошумча документ:

  • Үй-бүлөнүн курамы тууралуу маалымкат;
  • Иштеген жеринен акыркы алты айда алган айлык маянасы тууралуу маалымкат же социалдык өнүктүрүү башкармалыгы берген үй-бүлөнүн жалпы кирешеси тууралуу маалымкат;

Мамлекеттик, муниципалдык кызматта иштегендер үчүн кошумча документ:

  • Ата-энесинин экөөнүн тең иштеген жеринен акыркы алты айда алган айлык маянасы тууралуу маалымкат. Эгер биринин эле айлык акысы 12 миң сомдон жогору болсо, долбоорго катыша албайт. (Аталган маалымат кат жарым жыл сайын жаңыртылып турушу керек).

Аталган документтин баарын арыз ээси Билим берүү жана илим министрлигине барып тапшырышы керек. Мекеменин дареги: Тыныстанов көчөсү, 257.

Балдардын жашы кандай болушу керек?

Бакчага барчу наристелердин курагы 3 жаштан 5 жашка чейин болушу зарыл.

Социалдык долбоорго Бишкектеги бардык жеке бала бакчалар катышып жатабы?

Соревнования по профилактике детской преступности в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Июнда мектептер алдында бир айлык лагерлер иштей баштайт
Учурда 9 менчик бала бакча документ тапшырды. Алардын баасы 6000 сомдон 10 000 сомго чейин. Эми булардын арасынан тиешелүү документтери туура болгон, лицензиясы бар, лицензиялык талаптарга туура келген, окуу-материалдык базасы камсыздалган, кароодон өткөн бала бакчалар тандап алынат. Учурда арыз тапшырган бала бакчалар иликтенүүдө. Толук изилденип бүткөндөн кийин алардын тизмеси Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына даректери, баалары менен кошо жайгаштырылат. Ал эми долбоорго катышам деген ата-энелер сайттан бакчаны тандап, тиешелүү документтерин атайын комиссияга тапшырып, андан кийин балдарын каалаган бакчасына бере алышат. Ал бакчанын жарым акчасын мамлекет төлөп берет.

Долбоордун алкагында акысы кымбат бакчалар да барбы?

Бишкек шаарында 79 менчик бала бакчага анализ жүргүзүлдү. Анда айына бир балага 6 миң сом алган 9 эле бакча бар экени аныкталган. Көбү 8-10 миң сомдук бакчалар. Жобо боюнча социалдык долбоорго бир балага айлык акысы 12 миң сомдон ашык бакчалар киргизилген жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0