Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАллея молодежи у здания мэрии Бишкека
Аллея молодежи у здания мэрии Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кыргызстандын аймагында эртең күн ачык болуп, айрым бийик тоолуу райондордо жамгыр жаап, карга айланышы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Кыргыз тоо кыркаларында кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дагы жумалап жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Кыргызстандын башка аймактарында, тагыраагы Чүй, Талас Ош, Баткен жана Жалал-Абад облусунда +23…+28 градус жылуу болот.

Ысык-Көл жана Нарын дубандарында термометр +13…+18 градусту көрсөтөт.

Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши болжолдонууда.

Ал эми абанын температурасы эки калаада тең +26…+28 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0