Жоктон бар кылгандар! Үйдө отуруп акча тапкан кыз-келиндер сыры менен бөлүштү

© Sputnik / Табылды КадырбековТолкунай Аскарбекова жасаган кекстер
Толкунай Аскарбекова жасаган кекстер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы учурда үй менен жумушту чогуу алып кеткен кыз-келиндер көп. Жаңы төрөп, баласы кичинекей болсо да баарына жетишип, үйдөн эле акча табышууда.

Sputnik Кыргызстан агенттиги оригиналдуу белектерди, кардарлардын купулуна толгон эмгектерди жасап акча тапкан кыз-келиндердин айрымдары менен баарлашты. Кызыгы, баарынын жогорку билими бар экен, бирок өз кесибин аркалашкан эмес.

Торттун түрүн жасаган Толкунай

© Sputnik / Табылды Кадырбеков25 жаштагы Толкунай Аскарбекова үй-бүлөлүү, бир кыздын апасы
Жоктон бар кылгандар! Үйдө отуруп акча тапкан кыз-келиндер сыры менен бөлүштү - Sputnik Кыргызстан
25 жаштагы Толкунай Аскарбекова үй-бүлөлүү, бир кыздын апасы

25 жаштагы Толкунай Аскарбекова үй-бүлөлүү, бир кыздын апасы. Үйүнөн эле кудум фирмадан чыккандай торттун түрүн жасайт. Чакан ишкерлигин баштаганына төрт ай гана болсо да бир топ кардар чогултууга жетишкен.

"Бул идея мен декреттик өргүүгө чыкканга чейин бир жарым жыл мурда эле пайда болгон. Бирок аны дароо ишке ашырган жокмун. Баштасамбы же кое турсамбы деп ойлонуп жүрдүм. Негизи үйдөгүлөрдүн туулган күндөрү болгондо интернеттен карап эле торт, чизкейк жасай берчүмүн. Бир күнү жолдошум атайын курстарга барып окуп көрүүнү сунуш кылды. Бир ай окугандан кийин кулинарияга мурдагыдан да кызыга баштадым. Эң алгачкы тортту фотосессияга жасагам. Аны көргөн жолдошумдун достору буйрутма бере баштады. Чакан ишкерлигибиз ушинтип уланып кетти. Азыр соцтармакта атайын баракчабыз бар, буйрутманын баарын ошол жактан алам", — деди Аскарбекова.

Келин кесиби боюнча кытай тилчи, бирок өз кесиби менен иштеген эмес.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Торты На Заказ💞 Бишкек💚 (@thefir__)

"Бишкек гуманитардык университетинин кытай тили факультетин бүтүрүп, Кытайга чейин барып келгем. Бирок ал тармак меники эмес экенин түшүндүм. Кайра тандоо болсо кулинарияны эле тандамакмын. Көрсө, адам өзүнө жаккан иш менен алектенсе анын жыйынтыгы да жакшы болот экен. Азыркы жасаган жумушум өзүмө жагат, үйдө бала менен бекер отурбай каражат да таап жатам", — деди Аскарбекова.

Толкунайдын тортторунун баасы ар кандай, салмагы, дизайнына жараша. Мисалы, 1 килограмм торт 1000 сомдун тегерегинде.

Эмчектеги бала менен үйдө отуруп бизнес баштаган Нуржан

© Фото / Азат АкаевНуржан Казакбаева 31 жашта, эки баланын апасы
Жоктон бар кылгандар! Үйдө отуруп акча тапкан кыз-келиндер сыры менен бөлүштү - Sputnik Кыргызстан
Нуржан Казакбаева 31 жашта, эки баланын апасы

Нуржан Казакбаева 31 жашта, эки баланын апасы. Мектепте мугалим болуп иштеген Нуржан Казакбаева декреттик эс алууга чыккандан кийин үйдө бош отура албай шейшеп тигип баштаган. Үйдөн башталган тигүүчүлүк өнөрү убакыт өткөн соң көпчүлүккө белгилүү брендге айланган.

"Буга чейин түрк тилин курстарда үйрөтүп, андан кийин шаардык мектептердин биринде сабак берип жүрдүм. Анан декреттик өргүүгө чыгып, үйдө отуруп калдым. Иштеп көнүп калгандыктан бош отура алган жокмун. Бир нерсе менен алектенейин деп кичинекей тигүүчү машина сатып алып, үйдө баламды караганча тигүү иштерин баштадым. Ошол кезде элдин баары Түркиядан келген шейшептерге кызыкчу. Бирок анын баасы кымбат болгондуктан баарынын эле чөнтөгүнө туура келбей турганын байкадым. "Мадина" базарынан сапаты жакшы шейшептерди алып, аларды кооздоп тигип тууган, досторго сата баштадым. Андан кийин бири-биринен угуп буйрутмалар түштү. Кийинчерээк социалдык тармакта жарнама көбөйө баштаганын көрүп, мен да эмгектеримди ошол жактан жарнамалап өткөрчүмүн. Үйүмө жеткирип бер дегендердикин жолдошум алып барып берчү", — деди Казакбаева.

Кардарлары көбөйө баштагандан кийин Казакбаева өзүнчө цех ачкан. Учурда айына 40-50 миң сомго чейин каражат табат. Ишкер аял иш баштайм деген кыз-келиндерге бир гана жогорку билим менен чектелип калбагыла деген кеңешин айтты.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ПОСТЕЛЬНОЕ БЕЛЬЕ БИШКЕК 🛏💯🇰🇬 (@eltex__)

"Сөзсүз түрдө кошумча бир билим алгыла. Чачтарач же ашпозчулук болобу, тил үйрөнөбү, айырмасы жок. Себеби турмуш ар дайым эле сен күткөндөй боло бербейт экен. Андыктан бардык нерсеге даяр болуу керек. Турмушка чыгып балалуу болгондон кийин кимдир бирөөгө көз каранды болбош керек", — деди Казакбаева.

Кружка кооздоп саткан Мээрим

Мээрим Шарапиева 31 жашта, эки баланын апасы. Анын дагы чакан ишкерлиги балдар менен үйдө отуруп калганда башталган. Мээрим жөнөкөй эле кружка, кашыктарды чопо менен кооздоп, оригиналдуу белектерди жасайт.

"Чопо менен иштей баштаганыма эки жарым жыл болду. Атайын курстарга деле барган эмесмин, интернеттен видео-сабактарды көрүп үйрөнүп алгам. Башында кыз-келиндер колуна, мойнуна тагынган жасалгаларды жасап, кийим саткан дүкөнүмө коюп сата берчүмүн. Андан кийин чопого кызыгып кеттим. Кадимки эле кружкаларды боеп, кардар суранган нерсени түшүрүп берем. Ошондой эле кашыктарга да чоподон кооз элемент жасап сатам. Туруктуу кардарларым көп", — деди Шарапиева.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от КРУЖКИ☕ПОДАРКИ🎁ПОЛИМЕРНАЯГЛИНА (@darite.kg)

Башында хобби катары эсептеген иши азыр туруктуу жумушуна айланганын айткан Мээрим иштеген ишинен ырахат аларын кошумчалады. Оригиналдуу кружка, кашыктардын баасы дизайндын оор, жеңилине жараша экен. Мындай белектерди 500 сомдон 3000 сомго чейин жасатса болот.

Фотокубик жасап ишкерлик баштаган Мырзайым

Мырзайым Окенаева 23 жашта. Турмушка чыга элек, бирок ал да өзгөчө иш менен алектенет. Мырзайым чакан ишкерлигин фотокубик жасап баштаганын айтат.

"Экономика факультетин кызыл диплом менен аяктагам. Бирок жумуш жок, болсо деле айлык аз экенин көрүп башка иш менен алектенүүнү чечтим. Кол өнөрчүлүккө кичинемден эле кызыккандыктан ар кандай буюм жасап Instagram баракчасынан сатып көрүүнү ойлодум. Бир күнү кубик сатып алдым да, ЦУМга барып сүрөт чыгарып келип жасап көрдүм. Баракчама коерум менен кардарлар чалып башкача, өзгөчө белек экен деп буйрутма бере башташты. Бул жумушумду 200 сом менен баштагам. Кудайга шүгүр, азыр жакшы эле табам. Мындан тышкары, шоколаддардан букет жасап, таттуулардын сыртына туулган күн же майрам ээсинин атын жазып да белек даярдайбыз. Сырты кооздолгон жаздыктарды да жасайбыз. Айтор, кардардын суроо-талаптарына жараша", — деди Окенаева.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ОРИГИНАЛЬНЫЕ ПОДАРКИ❤️ (@podarki_myrza_aiym_kg)

23 жаштагы Мырзайым азыр жумушу көп болгондуктан чакан дүкөн ачып алган. Айына 50 миң сомго чейин каражат табарын жашырган жок. Белектеринин баасы 500 сомдон 5000 сомго чейин экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0