Бишкекте Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү жабылды

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүАсфальт. Архив
Асфальт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия айдоочуларды алдын ала альтернативдүү жолдорду тандоого чакырат.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Борбор калаанын Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү ремонт иштерине байланыштуу жабылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, аталган проспектинин Чымкент көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки бөлүгүндө капиталдык ремонт иштери жүрүүдө.

Оңдоп-түзөө жумуштары 10-июнга чейин созулат.

Мындан улам мэрия айдоочуларды алдын ала альтернативдүү жолдорду тандоого чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0