Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Кыргызстандын аймагында 25-26-майда туруксуз аба ырайы күтүлөт.

БИШКЕК, 24-май. — Sputnik. 25-майда көпчүлүк аймактарда жаан-жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Жара в Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Мээ кайнаткан ысык болобу? Июнга карата аба ырайынын божомолу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +18...+23, Таласта +17…+22 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23…+28, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +16…+21 градус жылуу болот.

Ош жана Бишкек шаарларында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүн табы Ошто +25…+27, Бишкекте +19…+21 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0