БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Индиянын маалымат жана уктуруу министринин кеңешчиси Анкур Лаоти ШКУ өлкөлөрүнүн медиафорумуна катышуу үчүн Бишкекке келди. Ал журналистикадан сырткары Кыргызстан тууралуу дагы ойлорун билдирди.
Лаоти Кыргызстанга биринчи жолу келгенин белгилеп, туристтер тууралуу оюн айтты.
"Бул жер абдан кооз экенин билбептирмин. Кечээ "Ала-Арча" паркына бардык, ошол жерден Кыргызстанга эмне себептен туристтер агыла баштаганын түшүндүм", — деди Лаоти.
"Сөз биздин конституциялык укуктарыбыз жөнүндө болуп жатат. Жарандар өз оюн айтышы үчүн сөз эркиндиги болушу керек. Мында социалдык тармактардын дагы ролу чоң", — деди ал.
Лаоти Шанхай кызматташтык уюмунун "ШКУнун өнүгүшүндөгү жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу" аттуу медиафорумга катышты.