08:49 24 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Офис кызматкерлери. Архив

Үч айда чакан ишканаларга 500дөн ашуун киши ишке орношкон

© Sputnik / Евгений Биятов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
72 0 0

Аймактар боюнча ала келгенде Бишкек жана Ош шаарлары, Баткен жана Талас облустары алдыда.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. 2019-жылдын январь-мартында республиканын ар кайсы ишканаларында, уюмдарында жана мекемелеринде 1,7 миңге жакын жаңы жумуш орундары түзүлгөн. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Жогорудагы жаңы орундардын ичинен үчтөн бир бөлүгү, тагыраагы, 517си чакан ишканаларда түзүлгөн.

Жаңы жумуш орундарынын көбүрөөк саны (19 пайызы) билим берүү чөйрөсүндө, 17 пайызга жакыны соода, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөлөрүнө туура келет.

Аймактар боюнча ала келгенде Бишкек жана Ош шаарлары, Баткен жана Талас облустары бул көрсөткүч боюнча алдыда экендиги белгилүү болду.

Бишкекте жалпысынан 972 киши ишке орношсо, алардын 327си чакан ишканаларда эмгектенүүдө. Ошто иш тапкандардын (167 ) дээрлик бардыгы (142) жеке фирмаларда болгон.

Ал эми иш менен эң аз камсыздалгандар боюнча көрсөткүчтү Нарын облусунан кезиктирүүгө болот. Январь-март ичинде 17 киши гана жумуш тапкан.

Тема боюнча

Чүйдө чет өлкөлүктөр иштеген ишканалар текшерилди
Белгилер:
орун, жумушчу, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ