Жусубалиевдин соту: 520 миң доллар пара боюнча УКМКга арыз жазган адам белгилүү болду

© Фото / пресс-служба Министерства транспорта и дорог КР Транспорт жана жолдор министрлигинин мурунку орун басары Азимкан Жусубалив. Архив
 Транспорт жана жолдор министрлигинин мурунку орун басары Азимкан Жусубалив. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Транспорт министринин орун басарынын коррупциялык иши тууралуу УКМКга арыз жазган жаран 2010-жылы президент Роза Отунбаеванын жеке жан сакчысы болуп жарым жыл иштеген. Ал бул ишке башында өзү да аралашып жүргөн.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда 520 миң доллар пара алууга шектелип кармалган Транспорт жана жолдор министрлигинин мурунку орун басары Азимкан Жусубалиевдин соту өттү.

Сотто айыпкер катары тендерден уткан компаниянын Б.Г. аттуу кызматкери жана жең ичинен сүйлөшүүнү уюштурду делген Б.Т. аттуу жаран да темир тор артында экени белгилүү болду.

Орун басарымдын ишин мурда эле билгем. Калиловдун капыл-тапыл маеги видеодо - Sputnik Кыргызстан
Орун басарымдын ишин мурда эле билгем. Калиловдун капыл-тапыл маеги видеодо
Эскерте кетсек, УКМК Азимкан Жусубалиев жол куруу боюнча өткөн тендерде чет элдик Todini Costruzioni Generali Company компаниясынын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашканын билдирген. Жусубалиев акчанын 50 миң долларын алып жатканда колго түшкөн. Андан мурдараак 120 миң долларын алган, калганы кийинки жумада колуна тиймек.

Бүгүн Жусубалиевдин пара алып жатканы боюнча УКМКга арыз жазган 33 жаштагы К.Ж. күбө катары көрсөтмө берди. Ал учурда туруктуу жумушу жок жүргөнүн, 2010-жылы президент Роза Отунбаеванын жеке жан сакчысы болуп жарым жыл иштегенин билдирди. Күбөнүн айтымында, жең ичинен сүйлөшүүлөрдү Жусубалиевдин Б.Т. аттуу бөлөсү уюштурган.

"Б.Т. тааныш байкеме Т.Ж. деген досу тендерге катышууга аракет кылып жатканын билдирген. Ал тендердин комиссиянын төрагасы, министрдин орун басарынын бөлөсү экенин айтып, "маселе чечилбесе жардам берейин" деген. Т.Ж. тиги компаниянын финансылык директору Б.Н. менен жакын дос экен. Алар биринчи жолу Азим байке менен саунадан жолугушкан. Мен сыртта күтүп тургам, Б.Т. байкем чыкканда Азим байке чечип берүүнү убадалаганын айтты", — деди күбө өз көрсөтмөсүндө.

Ошондой эле ал ортомчу болуп жаткан Б.Т. менен үч жылдан бери жакындан иштешерин, тендер боюнча сүйлөшүү иштерине аралашып жүргөнүн моюндады.

"Башында Б.Т. байкем "тендерден уткандан кийин биз да ошол жакта иштейбиз" деген. Тендерден утуш үчүн Азим байкеге 500 миң доллар берүүнү сүйлөшүптүр. Биринчи байкем экөөбүз Алматыга барып, досунун үйүнөн 20 миң долларды алып келдик. Кийин 100 миң долларды өздөрү Бишкекке алып келишкен. Аны Б.Т. байкем акча алмаштыруучу жайда сактап турам деп алып кеткен. Андан кийин 50 миң доллар алып келди. Компания тарап менен көбүнчө телефондон мен сүйлөшчүмүн. Акчаны бербесе тендерден утпай турганын айтып жаткам", — деп көрсөтмө берди күбө.

Бирок ал жең ичинен сүйлөшүп жүрүп эле орто жолдон УКМКга арыз жазып жиберишине эмне себеп болгонун айткан жок. Ошол эле маалда эки тараптан тең материалдык да, моралдык да заян тартпаганын билдирди.

Пара менен кармалган транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев - Sputnik Кыргызстан
Чет өлкөдөгү жайдары сүрөттөр! Пара менен кармалган Жусубалиев тууралуу 6 факты
"Акчаны уккандан кийин коррупция деп түшүнүп арыз жаздым. УКМКга аудио сүйлөшүүлөрдү да бергем. Ооба, ага чейин сүйлөшүүлөргө катышып жүргөнүмдү мойнума алам. 50 жана 100 миң доллар алып келишкенде мага Б.Т. 500 доллардан берген. Тендерден утушса мага жакшы жумуш, жакшы маяна болмок. Арыз жазганымды Б.Т. байкеме айткан эмесмин, андан кийин деле көрүшүп жүрдүк", — деп айтты күбө.

Соңунда ал тендер тууралуу жолугушуулар кийин бир жолу чайканада, бир жолу Жусубалиевдин үйүнүн жанында болгонун кошумчалады.

Ал эми аты аталып жаткан айыпкер Б.Т. көрсөтмө берип жаткан күбө менен 3,5 жылдан бери тааныш болуп, чогуу жашап жүргөнүн билдирди.

"Өзүм боор циррозунан жабыркайм, ооруканадан чыгарып коюшкан. Бишкекке табыпка көрүнгөнү келип жүргөм. Менин карыздарым көбөйүп кетти. Т.Ж.дан карызга акча сурагам. Экөөбүз коммерция кылалы деп Россиядан жылкы алып келип сатып иштемек болгонбуз. Ушуну четке какпайсыңбы?" — деп күбөгө кайрылды.

Күбө "эстей албайм" деп жооп берди.

Ал эми Азимкан Жусубалиевдин "тендерге акча сураганымды өз оозумдан уктуңбу" деген суроосуна "жок" деп жооп берди.

Б.Т. 100 миң долларды алгандан кийин Абдырахманов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги акча алмаштыруу жайына таштап, эртеси алып кетерин айткан. Ал жайдын ээси да бүгүн көрсөтмө берип, Б.Т. акчасын төрт күндө бөлүп-бөлүп алып кеткенин билдирди.

Кийинки соттук процесс 29-майга белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0