Төрөткө катышкан эркек киши аялынан иренжийби? Дарыгер өнөк менен төрөө тууралуу

© Sputnik / Паже / Медиабанкка өтүүЖаңы төрөгөн жубайын кучактап жаткан эркек. Архив
Жаңы төрөгөн жубайын кучактап жаткан эркек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Нике жана үй-бүлө" борборунун инструктору Мээрим Эркебаева "Биз — ата-энебиз" рубрикасынын алкагында төрөткө психологиялык даярдыктын да мааниси зор экенин, эмнеликтен эркектер жубайы көз жарган маалда жанында болушу керектигин, кандай учурда төрөттөн кийинки депрессия ажырашууга себеп болору боюнча айтып берди.

Азыркы аялдар психологиялык жактан көп кыйналышат, ал эми түйүлдүктүн өрчүшүндө болочок эненин ден соолугу менен катар психологиялык абалы да чоң мааниге ээ. Төрөт убагында колуктусун колдоо боюнча мырзаларга психолог кеңеш берди.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Нике жана үй-бүлө" борборунун инструктору Мээрим Эркебаева
Төрөткө катышкан эркек киши аялынан иренжийби? Дарыгер өнөк менен төрөө тууралуу - Sputnik Кыргызстан
"Нике жана үй-бүлө" борборунун инструктору Мээрим Эркебаева

— Кош бойлуулукту пландоодо адатта ден соолукка гана басым жасайбыз. Аялдын психологиялык абалы ага кандай таасир этет?

— Туура маанайда болуу аял үчүн эле эмес, болочок атага да зарыл. Эркектин жубайынын көз жарышына жана ата болууга даярдыгынын мааниси чоң. Кош бойлуу кезде аялдын организми кескин өзгөрүүлөргө дуушар болот, белгилүү бир гормондор бөлүнүп чыгат, алар болочок эненин психологиялык абалына таасир этет. Туталанат, сабырсыз, таарынчаак, ызакор боло түшөт. Мындай абал организмдин кадыресе реакциясы жана утурумдук экенин жолдошу түшүнгөнү дурус. Стрессти азайтууга, жубайын колдоого аракет кылганы оң, себеби эненин абалы баланын ден соолугуна таасир этпей койбойт. Ата-эне бирдей жоопкерчиликти сезүүгө тийиш.

— Аялдын психологиялык абалы бойго бүтүүгө таасир этеби?

— Ооба, түгөйлөр бардык зарыл процедуралардан өткөндөн кийин да бойго бүтпөгөн учурлар бар. Андайда көйгөй аялдын психологиялык абалында болушу мүмкүн. Организм топтолгон стресс, чыңалууларга акыры туруштук бере албайт. Аял бойго бүтүрүү, көз жаруу, эне катары калыптанууга гана такалып туруп алса, бул тескери натыйжа берет. Андай учурда кээде гинекологдор көңүлдү жай кылып, бир азга бойго бүтүрүү тууралуу унуткара турууга кеңеш берет.

Тилекке каршы, кыргыз үй-бүлөлөрдө кайын журт абалды курчутуп, келинге: "Качан төрөйсүң? Сенин эмнең бар? Согончогуң канабаган келин эмессиңби деги?" – деп моралдык чабуулду башташат.

Көпчүлүк учурда түгөйлөр балалуу боло албай жүргөндө аял айыптуу деп эсептешет. Албетте, андай эмес. Жолдошунун моралдык колдоосу — кыйла мааниге ээ фактор. Жолдошу тарабынан коргоо, колдоону туйган аял көз жаргандан кийин жалгыз калбасын билет.

— Кош бойлуу аялга карата күйөөсүнүн колдоосу кандай болушу кажет?

Кескин дем алба, туура ыйына көр! Бала кантип төрөлөт. Видео - Sputnik Кыргызстан
Кескин дем алба, туура ыйына көр! Бала кантип төрөлөт. Видео
— Мага мырзалар "Аялымды эмне кылам? Башкача болуп калды" деп көп кайрылышат. Талгак өзүнчө бир көрүнүш экендигин түшүндүрөм. Тилекке каршы, көптөгөн эркектер аны түшүнүшпөйт, уруштун баары ушундан чыгат. "Эмне экен? Апам деле төрөгөн да, жакшынакай эле го. Карындашым деле жакшынакай көз жарган. Менин аялым бөтөнчөбү эмне? Анын кош бойлуулугу башкача өтүп жатабы?" дегендер аз эмес. Ооба! Кош бойлуу кез ар кандай, ал тургай, бир эле эне биринчи баласын тогуз ай тынч көтөрсө, экинчисинде маанайы кескин алмашып турат.

Мырзаларды бул маселеге абдан кылдат кароого чакырар элем. Эч бир киши аялды баланын атасынчалык колдой албайт өңдөнөт. Биздин менталитетти эске алганда кош бойлуу келинге баарынан кыйын. Жаңы бир үйгө келди, бейтааныш адамдар, келинден жаңы туугандарынын ар бири менен тил табышууну талап кылышат. Бул үй-бүлөдө аялга көнүп кетүүгө көмөктөшө турган киши болушу шарт. Күйөө - ата-энеси менен колуктусунун ортосундагы көпүрө. Болгон жоопкерчиликти келинчегине жүктөп койгону туура эмес.

— Стресстен кантип чыгуу керек? Түгөйлөргө бул жаатта кандай кеңеш берер элеңиз?

— Болочок энелерге дайым өз сезим жана каалоолорун жашырбоону айтам. Биздин аялдар жолдошу менен ачык баарлаша беришпейт. Эгер маанайыңыз чөгүп турса, ачык айтып эле жолдошуңуздан эркелетүүнү, укалоону өтүнүңүз. Себеби ал көзү ачык эмес да. Албетте, айрым эркектер баш тартышы ыктымал, бирок сизди түшүнүп, өтүнүчүңүздү четке какпагандары да бар. Көбүнесе биз, аялдар, өзүбүз ой-санааларыбыздан бөлүшүүнү билбейбиз, баарын ичибизге катабыз. Булардын баары өтөт, азыр көңүлүм тынчыйт, анан баары жакшы болот дейбиз. Ичибиздеги ойлорду ачык айтып албасак, ал эмоциялар топтоло берип, кайсы бир күнү жарылып чыгат. Андыктан, болочок ата-энелерди бири-бири менен ачык баарлашууга, бири-бирин тыңдай билүүгө жана түшүнө билүүгө үндөйм.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Нике жана үй-бүлө" борборунун инструктору Мээрим Эркебаева
Төрөткө катышкан эркек киши аялынан иренжийби? Дарыгер өнөк менен төрөө тууралуу - Sputnik Кыргызстан
"Нике жана үй-бүлө" борборунун инструктору Мээрим Эркебаева

— Биздин коомдо төрөт убагында аялдын жанында жолдошунун болушу жат көрүнөт. Түгөйлөр партнердук төрөт тууралуу чечим кабыл алса, аялды ар жактан айнытууга ашыгышат, эркек келинчегинен жийиркенип калат дешет. Чындап эле ушундай болобу?

— Төрөт боюнча инструктор катары түгөйлөр менен көп иштейм. Машыгууга негизинен аялдар келишет. Алардын күйөөлөрүн канча чакырсам да алар же жумушта, же дагы бир иш менен, айтор, кызыгышпайт. Бирок сөзсүз түрдө бир сабакты биздин мырзаларга жеткире алгыдай өткөрүүгө, аларга ушундай жооптуу учурда жубайларынын жанында болуу керектигин түшүндүрүүгө аракет кылам.

Азыр борбор калаадагы бардык төрөт үйлөрүндө болочок эненин өнөк менен көз жаруу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок психолог катары жанында күйөөсү болгону жакшы экендигин айтар элем. Мисалы, келиндин апасы санааркап, дүрбөлөңгө түшүп калат, кызын аяп жатып, жардам деле бере албайт, ал эми келин таптакыр эле жай алып, шайы оойт. Кайнене — бул таптакыр өзүнчө кеп, анын жанында келин колдоо күтмөк тургай үн чыгаргандан тартынат. Баары бир ал кишинин өзгөчө макамы бар, кош бойлуу аял андан баары бир айбыгат. Эжелери, сиңдилери, курбулары, абысындары, кайын сиңдилери катыша алат, бирок баары бир алар көз жарчу келиндин чындап каалаган кишиси эмес.

Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аман-эсен көз жаруу үчүн эмне кылуу зарыл? Гинекологдун маеги
Эгер жолдошу жанында болсо, аял кийин да ал экөө бардык кыйынчылыкты бирге жеңерине ынанат. Биз көрүп жүргөндөй, төрөткө катышкан эркек жубайын көбүрөөк баалап, балдарга да камкор ата болот. Себеби эркектер көбүнесе "Эч нерсе болбойт, киресиң, бир сааттан кийин төрөп чыгасың" дешет эмеспи. Көз жарганда аял кандай азап тартарын күйөөсү көрүүгө тийиш. Ошондо аялы үй жыйнап, кирин жууп, жакасын таза кармаган эле киши эмес, ага урпак төрөп берген адам экендигин түшүнөт.

— Партнердук төрөткө катышкан мырзалар жубайлары көз жарган соң эмне деп чыгышат?

— "Улуу балдарым төрөлгөндө эмнеге жанында болгон эмесмин" деп өкүнгөн, азыр балдарына жана жубайларына таптакыр башкача карап калышканын айткан эркектер бар. Төрөт убагында аял менен эркектин ортосунда бекем психологиялык байланыш түзүлөт, аталык сезим жанданат. Себеби энелик сезим бизге табияттан берилген, ал эми аталык сезим акырындап пайда болот. Партнердук төрөттөн кийин өзгөрүп, үй-бүлөсүн мурдагыдан да күчтүү сүйүп, баалап калган аталарды кезиктирдим.

Эң кеңири таралган шылтоо: "Бул процессти көргүм келбейт, анткени ал жийиркентерин уккам". Аларга: "Баланын жарык дүйнөгө келишин сиз баары бир көрбөйсүз, врачтар жолотпойт ага. Сиздин башкы милдетиңиз — төрөттүн өзүнөн да татаал, оорусу күч толгоо убагында колдоо. Жубайыңыздын дем алышына көз салып, укалап, туруп, отурууга жардамдашып, эркелетип, көңүлүн көтөрөсүз. Эң жок дегенде суу берип, ары-бери жетелеп, зарыл убакта врачты чакыра аласыз... Жолдошунун жанында болушу эле аялдын көңүлүн тынчтандырып коет.

— Төрөттөн кийинки депрессия тууралуу эмне айтасыз? Бул жөн эле обу жоктонуубу же чындап эле психологиялык кризис болуп саналабы?

— Баланы күнү-түнү карап, эмизип, ичи катуусу, уйкусуздук — мунун баары албетте, аялдын психикасына таасир берет. Эгер эркек киши аялы кандай азаптан өткөнүн билсе, ага аяр мамиле кылып, үй иштеринде жана баланы тарбиялоодо жардамдашат.

Эмбриологическое отделение Перинатального центра в Хабаровске - Sputnik Кыргызстан
Бойго бүтүрүүнүн ЭКУдан да башка түрү бар. Адис менен маек
Төрөттөн кийинки депрессияга аял жоопкерчилик бүт бойдон өзүнө жүктөлгөндө кабылат. Ар бир аял кош бойлуулуктан эне болууга көнүү кезин башынан өткөрөт, бул болжол менен 10 күнгө созулат. Физиологиялык гана тургай, психологиялык адаптация жүрөт.

"Эмне экенин билбейм, бирок бир кызык абалдамын" деп кайрылган аялдар аз эмес. Талдай баштаганыбызда аял төрөттөн соң өзүнө келе электиги аныкталат. Тилекке каршы, айрым түгөйлөр дал ушул себептен эки ача жолго түшөт.

Маек "Биз – ата-энебиз" автордук программасынын алкагында жасалды. Бул – ата-энелик милдет жана бала тарбиялоо тууралуу социалдык долбоор. Аталган долбоор үй-бүлөнү жоопкерчилик менен куруу, ошону менен бирге эле кош бойлуулукту, төрөттү пландоо, балдарды тарбиялоо боюнча аялдар менен эркектердин маалымдуулугун арттырууну көздөйт. Белгилүү кыргызстандыктардын ата-энелик милдетин кантип аткарары тууралуу, ошондой эле ушул багытта кеп-кеңеш, сунушун аябаган адистердин (акушер-гинеколог, педиатр, диетолог жана психологдордун) маектери назарыңыздарга сунушталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0