23:45 17 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6312
  • EUR78.0775
  • RUB1.1062
Электрик. Архивдик сүрөт

Депутат: "Жалал-Абад электр" ишканасында иштегендер 144 миң сом айлык алат экен

© Sputnik / Зульфия Тургунова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
309 0 0

Эл өкүлү аталган ишкана бекер коюлчу электр эсептегичтер үчүн мыйзамсыз акча чогултканын билдирди.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев "Жалал-Абад электр" ишканасы бекер коюла турчу электр эсептегичтери үчүн элден мыйзамсыз акча чогултканын парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Ал ошондой эле "Жалал-Абад электр" боюнча материалдар бир папка болуп калганын белгилеп, Кыргыз энергохолдинг "Жалал-Абад электр" ишканасы боюнча өкмөткө жазган катында бир топ мыйзам бузуулар аныкталганы тууралуу баяндаларын кошумчалады. Тактап айтканда, аталган электр ишканасы бир фазалуу электр эсептегичтерди орнотуу үчүн элден мыйзамсыз акча чогулткан. Мындай мыйзам бузуу ички аудиттин текшерүүсүнүн натыйжасында аныкталган.

"Мына 122 миң сом, 144 миң сом деген айлыктарды алып жатат. Мунун баарын кагаз түрүндө берип жатат. Бул бир гана мисал. Же ал жерде бирөөнүн кызыкчылыгы барбы? Балким Мүлк фонду өзү кызыкдар болуп жүрбөсүн... Эми акыры жетишет го", — деп нааразы болду депутат.

Төрөбаев ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик бюджети 160-170 миллиард болсо, мамлекеттик ишканаларда айланган акчанын көлөмү 150 миллиардга жакындай турганын белгиледи.

"Бул биздин мамлекеттик бюджетке тең. Ал жакта кандай иштер болуп жатканын билбейбиз", — деди ал.

Эл өкүлү быйыл 1-февралда Мамлекеттик мүлк фондуна Кыргызстандагы 99 мамекеттик ишкана жана 28 акционердик коомдогу айлык, киреше жана чыгашасы туралуу маалымат сураганын айтып, төрт ай өтсө да эч жооп жок экенин кошумчалады.

Тема боюнча

Депутат: банкрот алдындагы "Кыргызтелекомдун" жетекчиси эмнеге 100 миң маяна алат
Мадумаров: мектеп директорлору 30 миң сомго чейин маяна алышат
Белгилер:
айлык-акы, Бакыт Төрөбаев, электр жарыгы, Жалал-Абад, Жогорку Кеңеш

ЭҢ МААНИЛҮҮ