National Geographic Памирдеги кыргыз кыздарынын сүрөтүн жарыялады

© Фото / пресс-служба минсоцразвитияПамирские кыргызы
Памирские кыргызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүрөттүн астына кыргыз кыздары топоз саан убагында апасына жардам берүү үчүн күтүп турушканы жазылган.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. National Geographic журналы Instagram баракчасына Памирдеги кыргыз кыздарынын сүрөтүн жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от National Geographic (@natgeo)

Сүрөттү Мэтью Пале аттуу фотограф тарткан. Астына кыргыз кыздары топоз саан убагында апасына жардам берүү үчүн күтүп турушканы жазылган.

"Афганистандын бийик тоолуу Памиринде жашоо катаал. Дүйнө жүзүндө балдардын өлүмү эң көп катталган аймактардын бири. Жылына 10 ай кыш болот, жашоо шарты дүйнө элинен обочолонуп турат. Памирдеги кыргыздардын калкынын саны 1300гө жетет. Жакында негизделген Афганистандагы Вакхан улуттук паркында жашашат", — деп жазылган.

Сүрөт кечээ, 22-майда, кечинде жүктөлүп, 174 миң лайк коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0