Бишкекте Фрунзе менен Ахунбаев көчөлөрүнүн бир бөлүгү жабылды. Карта

© Sputnik / Табылды КадырбековКурулуш иштеринин жол белгиси. Архив
Курулуш иштеринин жол белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оңдоо иштери 7-июнга чейин жүрөт.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бишкекте Фрунзе менен Ахунбаев көчөлөрүнүн бир бөлүгү жабылганын мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы билдирди.

Эки көчөнүн тең бир тилкеси жол кыймылы үчүн ачык болот. Мында Фрунзе көчөсүнүн Абдрахманов менен Шопоков көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгү жана Ахунбаевдин Шүкүров менен Койташ көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгү жабылмакчы.

Маалыматта "Бишкекжылуулук" ишканасы аталган тилкелерде түтүктөрдү алмаштыра турганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0