04:23 19 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6500
  • EUR78.2796
  • RUB1.1086
Бүгүн, 22-майда, Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Кара-Бак айылында тажик чек арачыларына нааразы болгон эл топтолууда

Баткенде тажик чек арачыларына нааразы болгон эл топтолууда. Сүрөт

© Фото / Зульфия Тургунова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
56901

Учурда чек арада 100гө чукул киши чогулду.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бүгүн, 22-майда, Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Кара-Бак айылында тажик чек арачыларына нааразы болгон эл топтолууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы жеринен билдирди.

Маалыматка караганда, эл "Кара-Бак айылындагы көрүстөнгө тажик чек арачылары кирбесин, ал жерди толугу менен Кыргызстандын чек арачылары кайтарсын" деген талапты коюуда.

  • В селе Кара-Бак на кыргызско-таджикской границе собрались местные жители с требованием выставить военнослужащих возле кладбища
    Бүгүн, 22-майда, Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Карабак айылында тажик чек арачыларына нааразы болгон эл топтолууда.
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • В селе Кара-Бак на кыргызско-таджикской границе собрались местные жители с требованием выставить военнослужащих возле кладбища
    Маалыматка караганда, эл "Карабак айылындагы көрүстөнгө тажик чек арачылары кирбесин, ал жерди толугу менен Кыргызстандын чек арачылары кайтарсын" деген талапты коюуда.
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • В селе Кара-Бак на кыргызско-таджикской границе собрались местные жители с требованием выставить военнослужащих возле кладбища
    Буга чейин Карабак айылындагы көзү өткөн аксакалды жерге берүү үчүн көрүстөнгө барган элди Тажикстандын чек арачылары киргизбей койгону айтылган.
    © Фото / Зульфия Тургунова
1 / 3
© Фото / Зульфия Тургунова
Бүгүн, 22-майда, Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Карабак айылында тажик чек арачыларына нааразы болгон эл топтолууда.

Буга чейин Кара-Бак айылындагы көзү өткөн аксакалды жерге берүү үчүн көрүстөнгө барган элди Тажикстандын чек арачылары киргизбей койгону айтылган. Маселе кыргыз-тажик чек арачыларынын эки тараптуу сүйлөшүүсүнөн кийин чечилгени маалымдалган болчу.

Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасы Каримберди Каламбеков төмөнкүлөрдү билдирди.

"Учурда 100гө чукул адам чогулду. Тажик чек арачылары биздин ата-бабаларыбыз жаткан мүрзөгө жана үлүш жерибизге өткөрбөй жатышат. Азыркы тапта эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө", — деди Каламбеков.

Мамлекеттик чек ара кызматы маалымат такталып жатканын кабарлады.

Тема боюнча

Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып кете жаздады
Белгилер:
кыргыз-тажик чек арасы, Баткен

ЭҢ МААНИЛҮҮ