Бишкекте катуу шамал башталды. ӨКМ сак болууга чакырат

© Sputnik / Табылды КадырбековШамалдан кулаган дарактын бутактары. Архив
Шамалдан кулаган дарактын бутактары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шамал эртең мененки саат 09.00дөр чамасында башталды.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бишкек менен Чүйдө катуу шамал башталганын ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Министрликтин маалымат катчысы Элмира Шерипованын айтымында, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15 метрге жетүүдө.

Шамал эртең мененки саат 09.00дөр чамасында башталды.

ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0