Бишкекте роботтордун дүйнөлүк олимпиадасынын улуттук тандоосу өтөт

© AFP / GERARD JULIENРобот. Архив
Робот. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданий иш-чарага 10дон 21 жашка чейинки балдар-кыздар катыша алат.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бишкекте 8-9-июнда роботтордун дүйнөлүк олимпиадасынын (World Robot Olympiad) улуттук этабы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Кыргызстанский инженер микроэлектроники Ислам Ишенкулов - Sputnik Кыргызстан
10 күндө 650 доллар тапкан жигит. Сейрек кесип ээси менен маек
Роботтордун дүйнөлүк олимпиадасынын финалы 8-10-ноябрда Венгриянын Дьор шаарында болмокчу. Олимпиада жыл сайын түрдүү мамлекеттерде уюштурулуп келет. Былтыр Таиландда өтсө, 2020-жылы Канадада өтөрү белгиленген.

Маданий иш-чарага 10дон 21 жашка чейинки балдар-кыздар катыша алат. Фестиваль биринчи жолу 2004-жылы Сингапурда өтүп, азыр ага 65 мамлекеттен идиректүү 70 миңден ашык бала катышат.

Мелдешке катышкандар негизги, чыгармачылык жана футбол роботтору болуп үч категорияда ат салышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0