Сооронбай Жээнбеков Меккеге барат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков принял Посла Саудовской Аравии в КР
Президент Сооронбай Жээнбеков принял Посла Саудовской Аравии в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууда элет жерин таза суу менен камсыз кылуу, жаңы ооруканаларды, мектептерди жана бала бакчаларды куруу маселелери боюнча сөз болду.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Саид бин Мухаммад Аль-Жуманы кабыл алганын мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ажыга камынгандардын авиабилетинин баасы аныкталды
Жолугушууда элет жерин таза суу менен камсыз кылуу, жаңы ооруканаларды, мектептерди жана бала бакчаларды куруу маселелери боюнча сөз болду.

Элчи Абдурахман бин Саид бин Мухаммад Аль-Жума ушул жылдын 31-майында Мекке шаарында өтө турган Ислам кызматташтык уюмунун 14-саммитине Сауд Аравиянын королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруу катын тапшырды.

Жээнбеков өз кезегинде чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, саммитке барарын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0