Кыргыз сому өз наркынан 42 эсе кымбат сатылууда. Себеби таң калдырат

Жазылуу
Сатыкка коюлган акча 2009-жылдан тарта чыгарыла баштаган 4-сериядагы банкнота.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Россиялык "Мешок" интернет-аукционунда 20 сом номиналындагы валюта сатыкка коюлду.

5 000 сомдук банкнота. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын 5000 сомдук купюрасы аукциондо он эсе кымбат сатылууда
Ал 2009-жылдан тарта чыгарыла баштаган 4-сериядагы банкнота. Баштапкы баасы — 780 рубль (845 сом).

Кыргыз сомунун мынча кымбат сатылып жатышынын себеби, анын CI 0000022 төмөнкү сериялык номеринде.

Буга чейин да 10 тыйындык кагаз акча 54 миң эсеге кымбат сатылып жатканы кабарланган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0