18:37 15 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8396
  • EUR77.0051
  • RUB1.0869
Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын бөлүм башчысы 30 миң сом пара алып жаткан учурунда кармалды

Жумушка орноштурам деп 70 миң сом талап кылган. Шектүү кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Коом
Кыскача шилтеме алуу
561 0 0

Окуя 17-майда болгон.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын бөлүм башчысы 30 миң сом пара алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

  • Задержание начальника 2 отдела Ат-Башинского районного военного комиссариата со взяткой
    Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын бөлүм башчысы 30 миң сом пара алып жаткан учурунда кармалды
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Задержание начальника 2 отдела Ат-Башинского районного военного комиссариата со взяткой
    Бул факты Кылмыш жаза кодексинин 326-беренесине ("Опузалап пара талап кылуу") ылайык кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүү башталып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Задержание начальника 2 отдела Ат-Башинского районного военного комиссариата со взяткой
    Кармалган адам Нарын шаарынын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын бөлүм башчысы 30 миң сом пара алып жаткан учурунда кармалды

Ага ылайык, окуя 17-майда болгон.

"Такталган маалымат боюнча кармалган жаран Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын бөлүмүнө жумушка орноштуруу үчүн 70 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган. Аны кармоо учурунда автоунаасынан 30 миң сом табылган", — деп айтылат маалыматта.

Бул факты Кылмыш жаза кодексинин 326-беренесине ("Опузалап пара талап кылуу") ылайык кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүү башталып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам Нарын шаарынын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тема боюнча

УКМК кызматкери 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды
Белгилер:
УКМК, пара, Ат-Башы

ЭҢ МААНИЛҮҮ