Кыргыз-казак чек арасында жайгашкан "Ак-Тилек" пунктундагы абал айтылды

Жазылуу
Социалдык тармактарга Казакстандагы "Кара-Суу" көзөмөл өткөрүү бекетинде айдоочулар менен чек арачылардын ортосунда чыккан чырдын видеосу тараган болчу.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу экендигин билдирди.

Ага ылайык, чек арадагы көзөмөл өткөрүү пунктулары штаттык режимде иштеп жатат.

Белгилей кетсек, Казакстандагы "Кара-Суу" көзөмөл өткөрүү бекетинде айдоочулар менен чек арачылардын ортосунда чыр-чатак чыгып, анын видеосу социалдык тармактарга тараган болчу. Анын айынан Кыргызстан тараптагы "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунда 50дөй фура кезекте турганы кабарланган.

"Учурда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара участогунун "Ак-Тилек" көзөмөл жайында кезекте 3-4 жүк ташуучу автоунаа турат. Казак тарап 5-6 транспорт каражатын бир саат кароодон өткөрүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, кыргыз тараптан чек арадан өтүүдө жүк ташуучулар үчүн чектөөлөр жоктугу белгиленди.

Кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрүү пунктуларында адамдардын жана автоунаалардын топтолгондугу байкалбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0