00:50 19 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8460
  • EUR77.1205
  • RUB1.0841
Кыргызский манасчи Шаабай Азизов

Саякбай киши жибертип чакырта албай койгон. Шаабай Азизов тууралуу 9 факты

© Фото / из личного архива Таланталы Бакчиева
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Гүлдана Талантбекова
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (298)
158310

Шаабай Азизов залкар манасчылардын бири. Анын оозунан "Манас", "Семетей", "Сейтек жана "Эр Сарык" эпостору жазылып алынган. Ал "Манастын" мындан да башка бөлүктөрүн айтканы менен убагында кагазга түшүрүлүп калган эмес.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги классик манасчы Шаабай Азизов тууралуу фактыларды чогултту. Материалды даярдоого аталган манасчынын шакирти, белгилүү манасчы, манас таануучу, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев жардам берди. Ошондой эле анын "Шаабай" деген китеби пайдаланылды.

Ата-теги өнөрлүү адамдар

Шаабай Азизов бугунун арыкмырза уруусунун байым уругунан, андан Кубат тукумунан болгон. Ал 1927-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мурдагы Кара-Бөлтөк, азыркы Октябрь айыл өкмөтүндөгү Үч-Кайнар айылында туулган. Төрт бир туугандын кенжеси, агалары жана эжеси болгон. Шаабайдын ата-бабалары укумдан-тукумга "Манас" жомогун улап келишкен. Чоң атасы Өмүр чоң жомокчу, кошокчу, ал эми өз атасы бакшылык жайы бар, тегеректеги ооруп-сыркоологондордун сообуна калып, кыйла илдеттен арылтып келген. Энеси Асылкан айылдагы кошокту мыкты айткан мукам үндүү аялдардын бири экен. Шаабайдын атасы Азиз — айтылуу Чоюке чоң жомокчунун бир тууган иниси.

Атасы ал үчүн манас айтканын токтоткон

Шаабайдын атасы Азиз бакшылыктан сырткары агасы Чоюкенин көзү өткөндөн кийин андан уккан "Манасты" жорго (кара сөз) сөз менен айтып, жомокчулук өнөрүн аркалайт. Азиздеги жомокчулук өнөр өсүп-өнүгүп, калыптана албай, элге кеңири тааныла албай калышынын бир себеби - бакшылык касиетине биротоло ооп кетишинде. Бирок негизги себеби — уулу Шаабайды арбак даарып, аян бергендигинен улам Азиздин "менден күчтүү жомокчу ушул болот" деп, уулуна биротоло жол бошотуп берген.

Шаабайдын манас айтып калышы

Шаабай Азизов манасчылык өнөрү тууралуу төмөнкүчө эскерет. "Алты жаштагы тестиер курагым. Адаттагыдай эле эртең менен атам Азиз боз байталга мени мингизип, канжыгага азык байлап берип, кой айдатып Кара-Бөлтөк төшүнө жөнөтөт. Мен төштү өрдөп отуруп Жаман-Карагайга жетем. Аттан түшүп, кыйшайып жата калам, көзүм илинип кеткен экен, бир маалда дүңгүрөгөн добуш чыгып, түмөндөгөн калың кол каптап келип калат. Кайдан-жайдан чокчо сакалчан, узун бойлуу, арыкчырай келген, суп чепкен кийген Чоюке атам пайда болуп, мага кайрылып: "Буларды билесиңби?", — деп артында турган баатырларды катары менен атынан атай баштайт.

Ошентип, Чоюке атам Бакай, Манас, кырк чоро, Каныкей, Чыйырдыларды тааныштырып чыкты.

Кыргызский манасчи Шаабай Азизов
© Фото / из личного архива Таланталы Бакчиева
Шаабай Азизов 1927-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мурдагы Кара-Бөлтөк, азыркы Октябрь айыл өкмөтүндөгү Үч-Кайнар айылында туулган.

Бул кол Бээжинди көздөй аттанып бара жатат, Коңурбайдын колун тозбосо бир балээни баштаганы турат. Айкөлдүн гүлазыгынан берейин, мына бу олуяларды оозуңан түшүрбөй, кандай көрсөң ошондой айтып жүр деп, оозума бир кочуш таруу салып, дагы бир кап таруу менен бир кап кумду кер кашка бээге жүктөдү. Ошол замат сан кол чыгыш тарапка аттанып, дүркүрөп жөнөп калды. Бир заматтын ичинде эмне шумдук болуп кеткенин түшүнбөй, дендароо болуп туруп калдым. Уйкумдан чочуп турсам, жайылып жүргөн кой-эчким, оттоп турган атым жок, күн кеч кирер убак болуп калган экен.

Ошондо коюм дагы, байталым да өздөрү эбак үйгө түгөлү менен жетиптир. Атам Азиз өзү келген малды көрүп, мени үч күн издейт. Үч күндөн кийин мени Кара-Бөлтөктүн чоң коктусунан табат. Коркуп калган жаным атама эч нерсе деп айтпадым. Ошондон тартып эки көзүм көрбөй калды. Бир жылдай жетелетип жүрдүм. Түнкүсүн уйкумдан чочуп, өкүрүп-бакырып, жаткан жеримен туруп басып кетип, элирип жүрдүм. Менин бир кереметке дуушар болгонумду түшүнгөн атам алдап-соолап чоо-жайымды сурады. Мен болгонун болгондой кылып айтып бердим. Атам дароо бир кара козу союп, айылдагы көкүлдүүлөрдү чакырып, түшүмдү айтып, түлөө өткөрдү. Элден бата алгандан кийин көп өтпөй көзүм жазылып, мурдагы элирмем да токтоп, ичимден кайрып, күңгүрөнүп манас айтып жүрдүм. Ошентип, жети жашымдан тартып манас айта баштадым. Атам айтканымды угуп, оңдоп, такшалтып отурду. Кийин жашым он алтыга чыкканда "Эми ыйык жомокту уулум айтсын" деп, атам Азиз манас айтканын токтотту. Болбосо ал киши да чоң жомокчу эле", — дейт манасчы.

Актёр да болгон

1944-жылы он жети жаш курагында Шаабай Азизов Ысык-Көл облустук драма театрында артист болуп иштеп калат. Театрда иштеген жылдары ал жомокчу катары эле эмес, актёр катары да таанылат. Театрдын сахнасында ошол кездеги таланттуу актёрлор менен ондогон образдарды жарата алган. Ата Мекендик согуш жана согуштан кийинки жылдары элдин көңүлүн көтөрүү максатында айылдарды кыдырып, оюн коюп, концерт берип турушкан. Ошол жылдары Шаабай Азизовдун өнөрү өрчүп, шыгына шык кошулуп, чыгармачылыгы күчөгөн.

Үйдүн жоктугунан Бишкектен кетип калган

1952-жылы Шаабай Азизов Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик филармонияга манасчы-артист болуп кабыл алынат. Бир аз иштегенден кийин үйдүн жоктугунан улам айылына кайтат. 1962-жылдын май айында Саякбай Каралаевдин чакыруусу боюнча Шаабай Азизов экинчи сапар филармонияга иштөөгө келет. Бирок баягы эле турак жайдын көйгөйүнөн Саякбай устатын "келем" деп ишендирип коюп, кайрадан айылына кайтат. Үйүндө токсондон ашкан атасы Азиз, кичинекей балдары менен жаш жубайы калган эле. Эки ортодо эзилип, же үй-бүлөсүн таштап кете албай, же ишине кайтып бара албай, ошондогу үй маселесинин чечилбегендиги Шаабайдын кендирин кесип, салмоор кылып зырылдаткан. Саякбай Каралаев артынан бир нече ирет кат жаздырып, атүгүл киши да жиберген, бирок Шаабай үй-бүлөсүн таштап кете алган эмес. Ошентип ал Фрунзеге кайрылып барбаптыр.

Кыргызский манасчи Шаабай Азизов
© Фото / из личного архива Таланталы Бакчиева
Солдон оңго карай: Уркаш Мамбеталиев, Раиса Кыдырбаева, Шаабай Азизов, Кааба Атабеков жана Талантаалы Бакчиев. Сүрөт 1999-жылдын март айында тартылган.

Эмгектеринин жазылып алынышы

Шаабай Азизов алгачкы ирет 1959-жылдын 29-апрелинде Кыргыз илимдер академиясына (ИА) "Манас" бөлүмүнүн бир нече окуяларын кол жазмалар фондусуна өз колу менен кагазга түшүрүп, тапшырган. Алар: "Алмамбеттин казактардын Көкчөсүнө келиши", "Көкөтөйдүн ашы", "Эки баатырдын кармашы", "Манастын өлүмү".

1961-жылы 4-сентябрда "Манас" жомогунун "Эр Сарык" бөлүмүнүн 151 беттен турган кол жазмасын жогорудагы фондуга тапшырат. 1971-жылы ошол кездеги Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору Кусейин Карасаев, доценти Зияш Бектенов, белгилүү драматург Мар Байжиев болуп, атайын жакындан таанышууга Шаабай Азизовдун Үч-Кайнардагы үйүнө барып, жомокчунун айтуусунда "Баатырлардын өлүмү" аттуу окуяны бир күн бою угуп, аудио тасмага жаздырып кайтышкан.

1995-жылы Шаабай Азизовдун вариантында "Манас", "Семетей", "Сейтек" бөлүмдөрү 90 минуталык 34 аудиомикротасмага, баш аягы 100 миңден ашуун ыр сапта жазылып алынып, аны Жылдыз Орозобекова "Манас – 1000" дирекциясына тапшырган. Шаабай бул үч бөлүмдөн сырткары, "Эр Сарык", "Алымсарык", "Кулансарык", "Кененим", "Акаяр", "Акжол" деген бөлүмдөрүн айткан. Бирок "Эр Сарыктан" башкасы жазылып калынган эмес.

Элеси тасмаларда чагылдырылып калды

Учурунда кинорежиссёр Мелис Убукеев Шаабай Азизовдун чыгармачылыгы тууралуу "Акыркы манасчы" деп аталган даректүү тасма тарткан. Ошондой эле маркум Шаабай Азизов Казак киностудиясы тарабынан тасмага түшүрүлгөн "Чокан Валиханов" аттуу көркөм тасмада манасчынын бейнесин жараткан. Ал эми Кыргыз киностудиясынын "Түбөлүктүүлүккө таазим", "Манасчылар" аттуу даректүү тасмаларында манасчылык өнөрдүн түбөлүктүүлүгүн далилдеген образдарды түзгөн.

Балдары жолун улаган эмес

Шаабай Азизов 2004-жылдын 13-декабрында 77 жаш курагында оорудан каза тапкан. Балдары атасынын ысымын жайылтуу менен алек, бирок жолун жолдоп манас айтышкан эмес. Азизов убагында "КРдин эл артисти" (1994-жылы) наамын, "Манас — 1000" медалын (1995-жыл) алган.

Чубактын "орой мүнөз, тарс кыялын" көрсөтүп койчу

Шаабай Азизовдун шакирти Талантаалы Бакчиев устатынын жашоодогу мүнөзү тууралуу айтып берди. "Шаабай Азизовдун чыгармачылыгы, жеке өзү менен бетме-бет иш алып барган айрым адамдардын, өзгөчө илимпоздордун, аткаминерлердин арасында  жомокчунун адамдык сапаттары менен биргеликте терс пикирлер дагы айтылып жүргөндүгү жашыруун эмес. Ооба, Шаабай Азизовдун кыялы зымга тизгендей түз эмес эле. Ал көңүлүнө жакпаган адамдарына Чубактын "орой мүнөз, тарс кыялын" көргөзүп койчу. Мына ошондойлугунан улам далайлар ага сыртын салып, бурулуп басып кете турган. Бетке түз айткан, жалган сөздү, көшөкөрлүктү, кошоматчылыкты сүйбөгөн, ачык- айрым, шар жүргөндүгү менен баарына эле жага берчү эмес. Бирок мындай мүнөз Шаабайга жарашып, куп келишип турчу. "Манас" жомогу сыяктуу дүйнөдө сейрек кездешүүчү өзгөчө кубулушту жан дүйнөсүндө алып жүргөн адамдын мүнөзү катардагы адамдан өзгөчө болбой, кандай болмок", — деп эскерет Бакчиев.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (298)

Тема боюнча

Манас 40 чоросу менен тору кунан берип кеткен. Балык Кумар уулу тууралуу 17 факты
Манаска берген убадасынан тайган. Эпостогу Кыз Сайкал тууралуу 7 факты
Белгилер:
факты, актер, манасчы

ЭҢ МААНИЛҮҮ