Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады

Жазылуу
Жээнбеков ар бир энеге баладан урмат, элден сый, жашоодон жыргал көрүүсүн тиледи.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктап, бүгүнкү майрам баарыбызга кымбат экенин айтты.

Мамлекет башчысы бул дүйнөдө энеден өткөн ыйык түшүнүк жок экенин белгилеген.

"Ар бир адамдын мүнөзүнүн, инсандык сапатынын, турмуш сапарынын артында эненин мээрими, насааты жана таалим-тарбиясы турат. Эненин күнүмдүк түйшүгү, аркалаган жүгү — бардык иштен салмактуу жана жооптуу. Сиздерге кандай алкыш сөз айтпайлы, кандай гана сый-урмат көрсөтпөйлү, баары теӊ аздык кылат", — деп мамлекет башчысы тилегин билдирди.

Жээнбеков ар бир энеге баладан урмат, элден сый, жашоодон жыргал көрүүсүн тиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0