Тоок сатып байыган Алтынай. Кыргызстандык кыздын ийгилик сыры

© Фото / Темирлан ЖапаровИшкер Алтынай Тапаева
Ишкер Алтынай Тапаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
25 жашар Алтынай Тапаева кайсы бир кезде Тез жардам кызматында иштечү. Ишкер кыз үй-жайсыздардын жанын куткарып, өмүрүнө кол салган өзү теңдүү балдарды ажалдан арачалап калганынан тарта кантип бизнес түптөгөнүнө чейин ачык айтып берди.

"Тооктун этин бышырып, убактымдын көбүн ашканада өткөрчүмүн. Апам ал аракетимди жактыра бербей, ошол иштен акча табарыма ишенчү эмес",- деп жылмаят жаш ишкер Алтынай Тапаева. Биздин маектеш тоок, бөдөнөнү сөөгүнөн ажыратып бышырып, кылканы жок балыктан тамак жасап сатат. Баары жеке рецеби менен даярдалат. Алтынай азыр цех иштетет, төрт кызматкери бар.

© Sputnik / Табылды КадырбековАлтынай Тапаева ишкерликтен сырткары, жеке клиникада офтальмолог болуп иштейт
Тоок сатып байыган Алтынай. Кыргызстандык кыздын ийгилик сыры - Sputnik Кыргызстан
Алтынай Тапаева ишкерликтен сырткары, жеке клиникада офтальмолог болуп иштейт

— Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.

— Бишкекте төрөлдүм. Жакшы окуп, баарын кынтыксыз аткарышым керек деп өзүмө бекем талап коюп чоңойдум. 1-класска барганымда үч күндөн кийин ызы-чуу салдым, анткени апам ага чейин жазганды, окуганды үйрөткөн. Кайра башынан үйрөнүүнүн кызыгы жок эле.

Города мира. Доха - Sputnik Кыргызстан
Москвада көчө шыпырган кыргыз жигит кантип Катар банкында иштеп калды. Маек
Апам директор менен бул боюнча сүйлөшкөндөн кийин: "Адегенде экзамен тапшырып көрсүн. Эгер тапшырып кетсе, дароо экинчи класска киргизели",- деди. Андан соң айтылуу №70 мектепке которулдум. Анын директору мени кыйналып калат деп башта кабыл алгысы келбеди. Жалаң "бешке" окуй турганымды убада кылдым.

"Кайда-ан, бизде эки жылдан бери мыкты окугандар жок", — деп анча ынана бербегени менен директор мени ал мектепке баары бир кабыл алды. Көп өтпөй сөзүмө туруп, жалгыз отличник болдум.

— Жогорку билимиңиз медициналык багытта, туурабы?

— Ооба, КРСУнун медициналык факультетин аяктагам. Азыр жеке клиникада офтальмолог болуп иштейм, билим алууну да улантып келем.

— Медик студенттердин практикасы кандай өтөрүнөн кабарым бар. Сиздей илмийген арык кыздын бейтап багып, алардын алдын тазалаганын элестете албай жатам.

— Кыйналган жокмун. Жарааттарын таңып, даарат идишин тазалачумун. Жийиркенчү да эмесмин, анткени адамдарга жардам көрсөткүм келчү.

Кийин Тез жардамга орноштум. Ал жакта иштөө мага аябай жаккан, жашоонун көп жактарын ошол тажрыйбам үйрөттү мага! Өз жанын кыйган кыздарды көрдүм. Боздогон энелеринин көзүнчө алардын ашказанын жууган күндөр көп болду. Перзентинин андай кылыгына күйгөн апаларды карап, жүрөгүм тилинчү...

Канчалаган адамдар итке минген жашоо кечирерин элестете да алчу эмесмин. Бишкекте жер төлөсүн үй-жайсыздар ээлеп калган ээн жатакана бар. Биттеп, курт аралап калган жер. Ошол жакка көп барчубуз. Үй-жайсыздар көбүнесе "жаман адатын" алынан ашырып ийип же сууктан жабыркашчу.

© Фото / Темирлан ЖапаровКесиби боюнча дарыгер Алтынай Тез жардам кызматында да иштеген
Тоок сатып байыган Алтынай. Кыргызстандык кыздын ийгилик сыры - Sputnik Кыргызстан
Кесиби боюнча дарыгер Алтынай Тез жардам кызматында да иштеген

— Ишиңизде жүрөк ооруткан учурлар көп учураса керек...

— Жол кырсыктары... Алардын ошончолук коркунучтуу болорун элестете да албаптырмын... Кырсык болгон жерге биринчи ирет барганымда канды, кишинин жанчылган бутун көрүп нес болуп калдым. Врач "Алтынай, шприц!" деп кыйкырат, мен ордумдан козголо албайм десеңиз. Анан эс-учумду жыйып, эмне керек болсо, баарын тез жасап бүтүрдүм.

Бир учурду айтып берейин. Жардамга чыктык, бир аял өз өмүрүнө кол салыптыр. Аябай күчтүү депрессияга кабылган экен, үйүнөн чыкпайт, жолдошу психиатриялык ооруканага жаткырууну да ойлоно баштаптыр.

Тийиштүү врачка кайрылып, гормондук дарылоону байкап көрүңүз деп кеңеш бердим. Айрым аялдар менопаузадан кийин гормондордон улам ушундай абалга тушугуп, депрессияга кабылышат. Бир нече айдан соң анын жолдошу телефон чалып: "Чоң ырахмат, доктур! Аялым өзүнө келип, мурдагыдай болуп калды. Таблеткалар эле жашоону ушундай өзгөртүп коёру ойго келбептир", – деп ыраазычылык билдирди.

© Фото / Темирлан ЖапаровЖаш ишкер чакан цех ачып, төрт адамды жумуш менен камсыздаган
Тоок сатып байыган Алтынай. Кыргызстандык кыздын ийгилик сыры - Sputnik Кыргызстан
Жаш ишкер чакан цех ачып, төрт адамды жумуш менен камсыздаган

— Эмнеге бизнеске кириштиңиз?

— Көп иштейм, бирок тапкан эч нерсем жок. Жаңы баштаган врачтардын маянасы маалым эмеспи. Кошумча эмне менен алектенсем деп баш катыра баштадым.

Тамак жасаганды жакшы көрөм, үйдө конокторго тоок этин өзгөчө рецепт менен даярдачумун. Сөөгүнөн ажыратып туруп, мисте, быштак, козу карын менен аралаштырып бышырам. Бул тамагым баарына жакчу. Анан балким бул тамак башкаларга да жагар деген ой келди.

Кыргызстанка Астра Рахматилла кызы, живущая в США - Sputnik Кыргызстан
Бир семестрде 27 миң доллар стипендия алчумун. АКШда иштеп калган Астранын баяны
Курбу кызымдын жеке кечесинде ошол тамакты акы алып даярдап бердим. Меймандарынын арасындагы бир айымга аябай жагып калат. Ишим ошентип башталып кетти. Азыр деле бири-биринен угуп буюртма беришет, кардарларды тартууда бул эң таасирдүү ыкма.

Instagram баракча ачтым, байкем ырчы Асел Кадырбекова менен Анжелика Бекболиевадан өз баракчаларында бул туурасында жазып коюуну өтүнөт. Алар макул болушуптур. Анан буюртмалар биринин артынан бири бериле баштады!

Адегенде баарын үйдө даярдачумун. Башында бул ишим ата-энеме жаккан жок. Апам: "Кызым, эмне эле убара тартып жатасың? Тооктон кантип киши акча тапсын? Андан көрө бар, оку!" – дечү. Бирок колумдан бир нерсе келерин айгинелегим келди.

Азыр цех ачтым, ишканамда төрт киши иштейт. Апамдын да пикири өзгөрдү, мурдагы бухгалтердик кесибине кайра киришип, мага акчаны тескөөгө жардамдашат.

© Sputnik / Табылды КадырбековАлтынай Тапаева: майрамдарда тамактарыбыз жакшы сатылат
Тоок сатып байыган Алтынай. Кыргызстандык кыздын ийгилик сыры - Sputnik Кыргызстан
Алтынай Тапаева: майрамдарда тамактарыбыз жакшы сатылат

— Даярдаган азыгыңызды канчадан сатарыңызды кантип эсептедиңиз?

— Баары бир медикмин да, ишкер эмесмин. Азык-түлүк канча турарын эсептедим, үстүнө бир аз коштум. Негизи өз наркы кымбат түшөт, себеби кошула турган азыктардын эң жакшысын тандап алам.

— Азыр кандай тамактарды сатасыздар?

— Биз тоокту, бөдөнөнү сөөгү жок, балыкты кылкансыз даярдайбыз. Кубулма форель жакшы өтөт баарынан. Себеби баары эле кылкандарын тазалап жүргүсү келбейт да. Ал эми биз кол менен ар бирин алып чыгабыз, бул оңой-олтоң иш эмес.

— Кыргызстанда жаш врачтардын жакшы акча табууга мүмкүнчүлүгү жок дедиңиз. Ашкана жаатында кандай экен бул жагы?

— Азыктануу багытында акча табууга болот. Мисалы, майрамдарда тамактар жакшы сатылат. 31-декабрда эле 200 доллар таптык.

© Фото / Темирлан ЖапаровИшкер айым: иштей билген, жалкоолукка качырбаган мырза эртеби-кечпи, жакшы таба баштайт
Тоок сатып байыган Алтынай. Кыргызстандык кыздын ийгилик сыры - Sputnik Кыргызстан
Ишкер айым: иштей билген, жалкоолукка качырбаган мырза эртеби-кечпи, жакшы таба баштайт

— Азыр 4 жумушчуңуз бар экен. Аларды башкарууда кыйналган жоксузбу?

— Мүнөзүм аябай жумшак. Эгер киши ишке келе албай калса, өз ишимди таштап коюп анын ордуна иштей берем. Бир жумушчу кызды аябай төбөмө чыгарып алсам керек. Бир күнү жумушка апам келип калды. Баягы кыз телефонун чукулап отурат, мен пол жууп жүрөм. "Мындай болбойт! Бар, кете бер!" – деп ал кызды иштен кетирип салды.

— Биздин коомдо кыздарга дайым кысым бар го. Турмуш курар кез келгенин айтып кулактын кужурун алышат. Андайга кабыла элексизби?

— Азыр ишимди жөнгө салууга бүт күчүмдү жумшап жатам, жакынкы жылдары да бизнесимди илгерилетким келет. Жеке жашоомду ойлоого азыр убакыт жок.

— Бишкектик кыздардан мырзалар канча акча табышы керек деп суроо салган видеоролик чыккан. Кыздар 50-100 миң сом деп айта коюп, сынга кабылышкан.

— Менимче, жакшы акча табууга кыздардын өзүндө да умтулуу болушу керек. Мырзалардын кирешеси маанилүү эмес дегенден алысмын! Иштей билген, жалкоолукка качырбаган мырза эртеби-кечпи, жакшы таба баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0