Президент Москвада капчык ээсин 8 саат күткөн мигранттын апасын сыйлады. Фотофакт

Жазылуу
Өткөн жылдын аягында Кайрат Тентимишевдин нысаптуулугу тууралуу бир нече ЖМКлар жазып, маалымат КМШ өлкөлөрүнө тарап, алкоого татыган.

Церемония награждения многодетных матерей президентом Сооронбаем Жээнбековым - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Баатыр энелер менен татыктуу уул-кыздардын апаларын сыйлады. Сүрөттөр
Президент Сооронбай Жээнбеков Энелер күнүнө карата Москвада кардардын унутуп кеткен капчыгын кайтарган таксист Кайрат Тентимишевдин апасына бүгүн ыраазычылык кат тапшырды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-майда, президент көп балалуу 9 апаны Баатыр эне ордени жана өлкөнүн намысын коргоп жүргөн татыктуу жаштардын энелерин ыраазычылык каттар менен сыйлаган. Алардын арасында Москвада капчыгын унутуп кеткен кардарын 8 саат күтүп кайтарып берген кыргызстандык мигранттын апасы да бар.

"Президент чет өлкөдө эмгектенип, өзүнүн жасаган жакшы иши менен жалпы Кыргызстан эли үчүн сый жана ишеним алып келген Кайрат Тентимишевдин апасы Клара Тентимишевага алкыш айтуу менен ыраазычылык кат тапшырды", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2018-жылдын ноябрь айында Кайрат Тентимишевдин нысаптуулугу тууралуу бир нече ЖМКлар жазып, маалымат КМШ өлкөлөрүнө тарап, алкоого татыган. Мындай кабар кыргызстандыктардын жүрөгүн жылытып, сыймык алып келген. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде "туура эмес иш жасасам Кыргызстандын аброюна доо кетет" деп коркконун айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0