Бир түнөгөндөн кийин эле кыз жакпай калат, эми үйлөнбөй каламбы? Жигиттин каты

© AFP 2023 / CRISTINA QUICLERТематический парк Isla Magica в Андалусии
Тематический парк Isla Magica в Андалусии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында 30дан ашкыча бир дагы кыз менен туруктуу мамиле кура албаган жигиттин каты жарыяланды.

...Жашым 31де, үйлөнө элекмин. Үйлөнгөндү мындай кой, бир дагы кыз менен кыз-жигит болуп, туруктуу мамиле кура алган жокмун. Жок, ырайым суук же жүдөгөн бирөө эмесмин. Иштеген ишим, үйүм, жашоомо кенен жеткен айлыгым бар. Өзүм шайырмын, эл менен бат тил табышам. Бирок акыркы кезде өзүмө жакпай жүргөн бир адатым бар.

Шахтерский город Сулюкта в Баткенской области  - Sputnik Кыргызстан
50дөн ашканда жалгыз уулуман ажырадым, экинчи аял алсамбы? Армандуу атанын каты
Кыздар мага орусча айтканда "недоступный" кезинде эле жагат. Алгач таанышып, жаңыдан мамиле кура баштаганда кадимкидей кызыгып, жакшы мамиле кылам. Анан кыз мени жигит катары кабыл алып, сүйлөшө баштаганда жакпай калат. Ачыгын айтсам, мага жаккан 3-4 кыз менен жыныстык байланышта дагы болгом. Эң жаманы "чогуу болгондун" эртеси күнү эле ал кызды көргүм келбей калат. Телефон чалса албай, номеримди алмаштырып, качып жок болом. Атургай бир кыз артыман калбай ыйлап, катуу чатак чыгарган.

Ал экөөбүз бир айга чукул жакшы эле сүйлөшүп жүргөнбүз. Бир күнү өзү Ысык-Көлгө барып келбейлиби деп сунуштады. Июль айы эле, эч нерсени ойлонбой Чолпон-Атага кетип калдык. Кыз-жигит болгондон кийин бир бөлмө алып, чогуу түнөдүк. Кыскасы, болчу нерсе болду. Болгондо дагы мен анын биринчи эркеги экенмин. Бирок мени бул нерсе дагы токтоткон жок. Эрте туруп Бишкекке кетип калдым. Эки күн кечке телефон чалып, үчүнчү күнү жумушума келди. Эжесин ээрчитип алыптыр. Үчөөбүз сыртка чыктык. Эжеси алгач кыйкырып-өкүрүп жаткан, аягында алдап-соолап тилимди тапканга аракет кыла баштады. Мен кежирленип көп сүйлөбөй, орой жооп берип жаттым. Акыры сиңдисине үйлөнүп, жарытпай турганымды түшүндү окшойт, башын чайкап басып кетти.

Башында бул жоруктарымды эркектик катары көрүп, сыймыктанчумун. Досторум дагы "чыныгы эркексиң" деп көкүтүп коюшчу. Эми жыл өткөн сайын бул жаман адат экенин түшүнө баштадым.

Акыркы учурда көңүлүм тынчыбай, ой басты. Өзүмө-өзүм суроо берип, жообун таба албайм... Бул оору эмеспи? Эмне кылсам болот? Өмүр бою ушинтип тоок сүйүү менен жашап каламбы? Кантип үй-бүлө курам?

Саадат Сыдыкова, психолог:

Пара в Канзас-Сити - Sputnik Кыргызстан
Агам экенин айтып коюшса, сүйбөйт элем го... Жаш кыздын жүрөк тилген каты
...Жашы 30дан ашканга чейин бир дагы аялзаты менен туруктуу мамиле кура албаганы анын психологиясында көйгөйлөр бар экенинен кабар берет. Тагыраагы, өз жашоосуна эч кимди кабыл алып, жанына жакын кылгысы келбейт. Психоанализдин негиздөөчүсү Зигмунд Фрейддин "Ырахаттануу принциби" деген эмгеги бар. Анда кичинекей бала ойноп жатканы сүрөттөлөт. Бөбөк жипти бир учунан кармап туруп, түрмөгүн улам-улам ыргытып, кайра чогултуп алат. Түрмөк канчалык алыс ыргыса, ошончолук кубанат. Каттын авторунун абалы ушуга окшоп турат. Аял кишини өзүнө тартат, колдонот дагы кайра ыргытып коет. Мындай адамдар тиги наристедей болуп өзүнөн бирөөнү алыстатуудан ырахат алат. Жеке менин пикиримде, бул жакшы адат эмес. Аны өзү сезе баштаганы кубандырат.

Бул кырдаалда жигиттин өзү менен көзмө-көз сүйлөшпөй туруп бир беткей кеңеш берүү кыйын. Адамдын мүнөзүн, сапаттарын, жан дүйнөсүн туюп-билип, анан бир жыйынтык чыгаруу оң. Сөзсүз психологго кайрылып көрсүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0