Тарбиячы урган бөбөк: Жалал-Абад шаарындагы бардык бала бакчага камера коюлду
Тарбиячы урган бөбөк: Жалал-Абад шаарындагы бардык бала бакчага камера коюлду
Sputnik Кыргызстан
Өткөн жылы тарбиячынын наристелерди кагып-силкип, уруп жаткан видеосу жарыялангандан кийин көзөмөлдү күчөтүү чечими кабыл алынган. 17.05.2019, Sputnik Кыргызстан
Өткөн жылы тарбиячынын наристелерди кагып-силкип, уруп жаткан видеосу жарыялангандан кийин көзөмөлдү күчөтүү чечими кабыл алынган.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Жалал-Абад шаарындагы бала бакчалардын баарына видеокамералар коюлду. Бул тууурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, өткөн жылы тарбиячынын наристелерди кагып-силкип, уруп жаткан видеосу жарыялангандан кийин көзөмөлдү күчөтүү чечими кабыл алынган.
Бул тууурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
"Наристелерге карата катталып жаткан ар түрдүү зордук-зомбулуктарды болтурбоого жана бала бакчалардагы жалпы ишмердүүлүктүн белгиленген тартипте аткарылуусун көзөмөлдөөгө жергиликтүү бюджеттен 2 миллион 200 миң сом бөлүнгөн. Аны тендерден "Эмин" жоопкерчилиги чектелген коому 1 миллион 800 миң сомго утуп чыккан. Тартылган кадрларды бала бакчанын жетекчиси иш бөлмөсүндө карап турат. Жакында коридор жана ата-энелердин күтүү залына да экрандар коюлмакчы", — деп айтылат маалыматта.
Жалал-Абад шаарындагы 22 муниципалдык бала бакчада 4 миң 950 бала тарбияланат. Аталган жайларга 419 даана көзөмөл камерасы коюлган.
Эскерте кетсек, өткөн жылдын 21-ноябрында тарбиячынын наристелерди кагып-силкип, бирөөнү чекеге чапкан видеосу жарыяланган. Ата-энелер милицияга арыз жазып, кылмыш иши козголгон. Ал тарбиячы бир жылга шарттуу кесилип, жабырлануучуларга 10 миң сом моралдык чыгым төлөөгө милдеттендирилген.