Кырчында жаштардын форум-лагери өтөт. Кабыл алуу башталды

© Sputnik / Акылбек БатырбековУщелье Кырчын в Иссык-Кульской области
Ущелье Кырчын в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Форум-лагерь жаштардын кесипкөйлүгүн, талантын жана мүмкүнчүлүктөрүн арттырууну көздөйт.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. 24-30-июнь күндөрү Ысык-Көл облусунун Кырчын капчыгайында эл аралык "Жаш Булак — 2019" жаштар форум-лагери өтөт. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, форум-лагерь жаштардын кесипкөйлүгүн, талантын жана мүмкүнчүлүктөрүн арттырууну көздөйт.

"Жаштар лагеринин алкагында локалдык илимий жана билим берүүчү тренингдер, мастер-класстар, ошондой эле таанымал инсандар менен жолугушуулар, билим берүүчү долбоорлордун жана курстардын презентациялары болот", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын жана Казакстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте кыргыз-казак бизнес форуму өтөт
Ошондой эле бул жылы форум-лагерге Өзбекстандан жана Россиядан катышуучулар чакырылганы айтылат.

Лагерге 18 жаштан 35 жашка чейин жарандар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаштар менен иш алып барган адистери катыша алат. Кабыл алуу башталды. Иш-чара тууралуу спорт агенттигинин Facebook баракчасынан кенен таанышууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0