Кыргызстандыктар эми диний билимин Россиядан жогорулатмакчы

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүПраздник Ураза-Байрам в Казани
Праздник Ураза-Байрам в Казани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2019-20-окуу жылында 25 кыргызстандык жаран жолдомо алмакчы.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызстандын жарандары диний билимин Россиядан жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Эки тараптуу макулдашууга Кыргызстандын муфтийи Максатбек Токтомушев менен Россия Ислам билими боюнча Кеңешинин төрагасы Мухаметшин Рафик Мухаметшович кол койгонун муфтият билдирди.

Маалыматка ылайык, Россиядан билимин жогорулатып, тайжрыйба топтоого 2019-20-окуу жылында 25 кыргызстандык жаран жолдомо алмакчы.

"Макулдашууда магистратура, докторантура жана бакалавр программасы каралган. Кыргызстандыктар Москва Ислам университетинен, Уфадагы Ислам университетинен, Казань Ислам университетинен, Болгария Ислам академиясынан билим ала алышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Россиядан тиешелүү диний окуу жайларын ийгиликтүү аяктагандар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмдөрүндө үч жылдан кем эмес иштөөсү шарт.

Жаңылыктар түрмөгү
0