Ошто көмүскө кумар оюндарын уюштурду делген 9 жай аныкталды. Тизме

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКазино. Архив
Казино. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда бул жайлар боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.

ОШ, 16-май – Sputnik. 2018-жылдын январь айынан бүгүнкү күнгө чейин Ош шаарынын аймагында көмүскө кумаркана уюштурууга шектелген 9 жай аныкталды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бул жайлардын айрымдары боюнча бир нече ирет тергөө иштери жүргүзүлгөн.

Учурда аталган жайлардын ичинен "Де люкс" жана "Прадо" жайлары боюнча кайрадан сотко чейинки тергөө амалдары уланууда.

"2018-жылдан бери "Прадо" оюн-зоок клубу көмүскө кумаркана уюштурууга шектелип, эки ирет иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок анын жыйынтыгында "кумар оюндарын камтыган эч кандай белгилер жок" деген корутунду чыккан", — деди Сыдыков.

Бирок Ош шаардык милициясы аталган оюн-зоок клубун көмүскө кумаркана уюштурууга үчүнчү ирет шектелип жатканын каттап, сотко чейинки иликтөө иштерин жүргүзө баштады. Материалдар мыйзамга ылайык атайын экспертизага жөнөтүлгөн.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Оштун мэри: көмүскө кумарканалардын иштешине милиция өзү кызыкдар
Ал эми Навои көчөсүндө жайгашкан "Де люкс" оюн-зоок клубу 2018-жылы эки ирет кумар оюндарын уюштурууга шектелип текшерүүгө алынган. Бирок эки ирет теӊ экспертизанын жыйынтыгы "кумар оюндарын ойноткон белгилер жок" деген корутунду чыгарылып, иш өндүрүштөн кыскартылган.

Шаардык милиция 2019-жылдын 18-мартында үчүнчү ирет "Де люкс" жайы боюнча иликтөө иштерин жүргүзө баштаган.

Жалпы жонунан көмүскө кумаркана уюштурууга тогуз мекеме шектелүүдө. Тергөө амалдарынан кийин алардын жетөө жабылды.

Шектүү жайлардын тизмеси:

  • Супаналиева көчөсүндөгү "Прадо" оюн-зоок клубу;
  • Раимбеков көчөсүндөгү "Мейгранд" оюн-зоок клубу;
  • Ленин көчөсүндөгү "Бархан" оюн-зоок клубу;
  • Масалиев проспектисиндеги "Азык-Ордо" дүкөнүнүн жер төлөсүндөгү оюн-зоок клубу;
  • Анар кичи шаарчасындагы "Миллион" дүкөнүнө улай жайгашкан оюн-зоок клубу;
  • Масалиев проспектиси менен Ленинград көчөcүнүн кесилишиндеги оюн-зоок клубу;
  • Навои көчөсүндөгү "Дел люкс" мейманканасынын имаратында жайгашкан оюн-зоок клубу;
  • Раимбеков көчөсүндөгү "Тадж-Махал" мейманканасында жайгашкан оюн-зоок клубу;
  • Ленин көчөсүндө жайгашкан "Таш-Рабат" соода борборуна улай жайгашкан оюн-зоок клубу.

Сыдыковдун айтымында, жогоруда саналган жайлардын айрым өкүлдөрү укук коргоо органдарынын аракеттерине нааразы болуп, милиция кызматкерлерине каршы арыз жазышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0