00:07 22 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6517
  • EUR78.3651
  • RUB1.1079
Япон окумуштуусу Тэцу Акияма

Япон тарыхчысы: Шабдан баатыр тууралуу маалыматты төрт өлкөдөн чогулттум

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Асель Минбаева
564 0 0

Япон окумуштуусу Тэцу Акияма Шабдан баатыр туурасында китеп жазууга өмүрүнүн бир топ жылын арнаган.

Редакциябызга Япониядагы Васеда университетинин илимий кызматкери Тэцу Акияма жалгыз келген жок. Чыгыш өлкөсүнөн келген мейманды Шабдан баатырдын чөбүрөсү Жаңыл Абдылдабек кызы коштоп келди.

Кырк жыл мурун анын атасы дүйнө салар алдында кызы Жаңылга даңазалуу бабасы тууралуу маалыматтар камтылган бардык архивди өткөрүп берген. Совет маалында Шабдан баатырдын ысымы ачык айтыла берчү эмес. 

Научный сотрудник университета Васеда, ученый Тэцу Акияма и правнучка Шабдан Баатыра Жаныл Абдылдабек кызы во время беседы
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Васеда университетинин илимий кызматкери, окумуштуу Тэцу Акияма жана Шабдан баатырдын чөбөрөсү Жаңыл Абдылдабек кызы маек учурунда

— Тэцу, эмнеге Кыргызстанды изилдөөгө киришип калдыңыз?

Тэцу Акияма: — Университетте бир жолу Кыргызстан боюнча лекция окулду. Ал көңүлүмө уюп, андай тоолуу өлкөдө кандай эл жашай турганы мага аябай кызык болду. Себеби бала кезимден тоолорго жүрөгүм тартат.

Кийинчерээк Кыргызстанга кызыгуум дагы арта берди. Өз салт-санаасын, үрп-адаттарын бекем кармаган калк экенин билдим. Тарыхчы катары бул мага өтө маанилүү эле.

— Эмнеликтен дал Шабдан баатыр тууралуу монография жазууну чечтиңиз?

Тэцу Акияма: — Кыргыздар үчүн Россия империясына кошулуу тарыхый бурулуш болгон. Ал окуянын чордонунда Шабдан баатыр турган. Кызыгы, ал тууралуу көп жазуулар сакталып калыптыр. Бул инсан боюнча Бишкек, Алматы, Нарын, Ташкент, Санкт-Петербург, Москвадан маалыматтарды таптым.

Алгач Кыргызстанга 2002-жылы келгем. Тарых музейинде илинип турган Шабдан баатырдын портретине көпкө тигилип, кандай киши болгонун түшүнүүгө тырыштым. 

Правнучка Шабдан Баатыра Жаныл Абдылдабек кызы во время беседы
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жаңыл Абдылдабек кызы: Азыр Россия империясы кыргыздарды өз алдынчалыгынан ажыраткан деп айтуу модага айланып кетти. Бирок андай пикирге кошулбайм, ал убакта биз өз мамлекетибизге ээ эмес элек. 17-18-кылымдарда Кокон хандыгынын эзүүсүндө болгон, ошондой эле биз жунгарларга жана Кытайга алым төлөп турганбыз.

— Жаңыл айым, бабаңыздын Кыргызстандын тарыхындагы орду кандай болгонун айтып берсеңиз.

Жаңыл Абдылдабек кызы: — Негизи кыргыздардын Россияга кошулушу боюнча көз караштар бир өңчөй эмес. Айрым уруулар империянын курамына өз ыктыяры менен кошулса, кай бирлери колуна курал көтөрүп каршы чыккан. Адегенде Шабдан баатыр да өз элинин чыныгы уулу катары Кокон хандыгы тарапта болуп, Россияга каршы турган.

Бирок көп өтпөй, Кокон хандыгы ичинен ирип бараткан мамлекет экенин аңдаган. Мисалы, 1862-жылы 12 ай ичинде бийлик алты ирет алмашкан! Шабдан баатыр ошондо Кокон ханынын ордосунда эле, Түркестандын акими болуп дайындалган.

Ал сунушту кабыл алып, бирок адегенде мекенинде болуп турууну ойлоп, өз атасы Жантай хандын үйүнө мейманчылайт. Ал убакта Жантай Россияга ыктап калган. Империялык аскердик күчтөргө каршы туруу өзүн отко салууга тете экенин ал киши көрө билген. Шабдан баатыр да атасынын артынан ушундай ойго келген.

Архивдерде Батыш Сибирдин ошол кездеги генерал-губернатору Густав Гасфорддун каты сакталып калган. Каршылык көрсөтпөгөндөргө жакшы мамиле кылуу зарылдыгын, бирок көтөрүлүп чыгышса аеосуз басып, урууну бүт кырууга чейин баруу керектигин жазган.

Ошондо Шабдан кыргызды улут катары сактап калуу милдетин өз мойнуна алган. Тарыхта согуштар жер үстүнөн бүтүндөй элди жууп кеткен учурлар бар эмеспи. 

Научный сотрудник университета Васеда, ученый и историк Тэцу Акияма во время беседы на радио
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Тэцу Акияма: Шабдан баатыр жогорку интеллектуалдуу адам болгон. Оңой-олтоң болбогон шарттарда да ал өз элинин кызыкчылыгын коргой алган.

— Чындап эле кыргыздар ошондо жок болуп кетүү коркунучуна кабылды беле?

Жаңыл Абдылдабек кызы: — Менин эсебим боюнча, кыргыздардын саны 200 миңдин тегерегинде болчу. Башка элдерге аралашып сиңип, улут катары жок болуп калуу коркунучу чындыгында эле болгон. Эгер империянын курамына тынч жол менен кирбесек, анда аскерлер тарабынан басып алынмак.

Ошондой эле биздин жерди үч өлкө бөлүп алуу кооптуулугу да турган, түндүк тарап Россия, Түштүк Англияга, айрым жерлер Кытайга өтмөк. Россиянын кийлигишүүсү менен андай талкаланууга жол берилген эмес.

Тэцу Акияма: — Россиянын бир бөлүгү болуу менен кыргыздар кайсы бир мааниде өз алдынчалыгын жоготкон десек болот. Бирок коомду заманга бапташтырууга жол ачкан.

Жаңыл Абдылдабек кызы: — Азыр Россия империясы кыргыздарды өз алдынчалыгынан ажыраткан деп айтуу модага айланып кетти. Бирок андай пикирге кошулбайм, ал убакта биз өз мамлекетибизге ээ эмес элек. 17-18-кылымдарда Кокон хандыгынын эзүүсүндө болгон, ошондой эле биз жунгарларга жана Кытайга алым төлөп турганбыз. 

Правнучка Шабдан Баатыра Жаныл Абдылдабек кызы во время беседы
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жаэыл Абдылдабек кызы: бабамдын аты атоого 70 жыл бою тыюу салынып келген

— Кыргыз урууларынын Россияга кошулушунда Шабдан баатырдын ролу кандай эле?

Тэцу Акияма: — Ал кыргыз уруулары менен Россиянын ортосунда ортомчулук милдетти аткарган. Шабдан баатыр жогорку интеллектуалдуу адам болгон. Оңой-олтоң болбогон шарттарда да ал өз элинин кызыкчылыгын коргой алган. Бул диний маселеге да тиешелүү.

Жаңыл Абдылдабек кызы: — Негизи башынан эле мурастоо укугу боюнча ал өзүнүн сарыбагыш уруусун толук бойдон башкара алмак эмес. Ага тынай уругу гана тиешелүү эле. Бирок активдүүлүгүнөн улам анын даңкы бүт Кыргызстанга тараган.

Шабдан баатыр 1875-жылы да чоң роль ойногон. Ал кезде кыргыздар кокон ханы Кудаярга каршы көтөрүлгөн. Бирок ошол заманда Кокон хандыгы Россиянын канатына кирип калгандыктан, кыргыздарга орус армиясы менен согушууга туура келген. Махрам кыштагынын четинде 2000 көтөрүлүшчү набыт болгон.

Алар тоого отурукташып калышкан. Тирешүү дагы узакка созулмак. Бирок ошондо Түркестан генерал-губернатору Константин фон Кауфман Шабдан баатырга ортомчулук кылуу өтүнүчү менен кайрылат.

Ал кыргыздарды россиялык аскерлерге каршы чыкпоого көндүрүү үчүн Алайга жөнөгөн. Шабдан баатыр генерал Скобелевдин катаал саясатынан кабардар эле, түштүккө ал дагы өз аскерлерин жиберген.

Ошол убакта Алай ханышасы Курманжан датка эбак россиялык аскерлердин туткунунда болчу. Шабдан аны менен Скобелевге ортомчу болгон. Генералга Курманжан датка Алайдын ханышасы экенин, даражасына жараша мамиле кылуу керектигин айтып, ал эми датканы тирешүүнү токтотууга көндүрөт.

Ал эми азыркы тапта улутчулдар биз дүйнөдөн өзүнчө жашап жаткансып, Россиянын да, батыштыкын да, кытай таасирин да кабылдагысы жок. Антип жашай албайбыз! Кандай болгон учурда да кайда ыктаарыбызды тандоого аргасызбыз.

Менимче, ошол доордо туура багытка артыкчылык берилген. Албетте, тарыхтан кеп козгогондо фактыларды гана келтирүү керек, бирок биз өткөндө эле памирлик кыргыздарды бул жакка кантип көчүрүлгөнүн баарыбыз көрдүк. Элестетип эле көрсөңүздөр, биз да ошолордой деңгээлде жашап калышыбыз мүмкүн болчу. 

Научный сотрудник университета Васеда, ученый и историк Тэцу Акияма во время беседы на радио
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Япон окумуштуусу: Токиого салыштырмалуу Бишкекте эл аз. Шаардын сырткы көрүнүшү таңгалдырат, советтик шаар, бирок батыш өлкөлөрүнүн да таасири бар.

— Эмнеге СССР маалында Шабдан баатыр унутулуп калды?

Жаңыл Абдылдабек кызы: — Ал доордо карапайым эл жана эксплуататорлор деген эки тап бар эле да. Менин Шабдан бабам экинчисине кирген, андыктан, анын ысымын оозанууга 70 жыл бою тыюу салынган.

Атам 50-жылдары репрессияланган. Бирок ал дайым "кези келет, Шабдан баатырды эстешет" деп айта берер эле. Атам 56 жашында каза болду. Өлөр алдында үйбүлөлүк архивинин баарын берип, "сен кыз баласың, демек, мындай улуу инсандын тукумунанмын деп мактанбайсың, ал эми эркек бир туугандарыңа хандын урпактарынан экенин жашыруу татаал" деп мага табыштаган.

— Сиздин пикириңизде дагы кайсы кыргызстандык Шабдан баатыр менен бир деңгээлде боло алмак?

Тэцу Акияма: — Ормон хан. Ал кыргыздарды 12 жыл башкарып турган. Кыргыздардын көз карандысыздыгын сактап калууга тырышкан. Бирок чынында ал аракетинен майнап чыкпады, ич ара согуштун натыйжасында өлтүрүлгөн.

— Тэцу, Кыргызстанга биринчи жолу келип турган жоксуз. Биздин өлкөдөн кандай таасир алдыңыз?

Тэцу Акияма: — Алгач ирет 16 жыл мурун келгем. Токиого салыштырмалуу Бишкекте эл аз. Шаардын сырткы көрүнүшү таңгалдырат, советтик шаар, бирок батыш өлкөлөрүнүн да таасири бар.

Сыртынан кыргызстандыктар менен япондор окшош, бирок менталитети боюнча айырмаланышат. Майда нерселерден эле билинет, бизде саламдашууда жүгүнүшөт, бул жакта кол кысышат. Сиздер өзүңүздөрдү жакшы тааныта аласыздар, ал эми Японияда жарандар өтө эле тартынчаак. 

Научный сотрудник университета Васеда, ученый Тэцу Акияма и правнучка Шабдан Баатыра Жаныл Абдылдабек кызы
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Тэцу Акияма: Кыргызстанда жашоонун ыргагы таптакыр башка. Бул жакка келгенде эс алып жаткандай болуп, өзүмдү күнөөлүү сезем.Мен ишке баш-отум менен берилген кишимин.

— Японияда адамдар ушунчалык көп иштейт, ал тургай, ашкере чарчоодон каза да табышат...

Тэцу Акияма: — Ооба, Кыргызстанда жашоонун ыргагы таптакыр башка. Бул жакка келгенде эс алып жаткандай болуп, өзүмдү күнөөлүү сезем. Мен ишке баш-отум менен берилген кишимин.

— Кыргызстан боюнча дагы кандай пландарыңыз ишке аша элек?

Тэцу Акияма: — Ушул тапта Шабдан баатырдын урпактарын изилдеп жүрөм. Алардын тарыхы да абдан кызык, бул иш дагы көп убакытты алат. Андыктан, Кыргызстанга дагы көп келем.

Тема боюнча

Каза болгонуна 111 жыл. Курманжан датка тууралуу 13 факты
Ар улуттун канынан жаралган кыргызстандык балдар. Тарбия, салттагы өзгөчөлүктөрү
Белгилер:
ортомчу, Россия, Кокон хандыгы, тарых, иликтөө, Окумуштуу, Япония, Шабдан Баатыр

ЭҢ МААНИЛҮҮ