Биринин да унаасы жок. Баткен акимдеринин мал-мүлкү тизмектелди

Жазылуу
Өрүкзарлуу Баткендин райондорун башкарган акимдердин негизги кирешесинен сырткары турак жайы, айыл чарба багытындагы жери, ашып кетсе азыноолак малы бар. Бирөөнүн да автоунаасы жок.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдөгү район жетекчилеринин мал-мүлкүн тизмектөөнү улантат. Бул ирет үч райондон турган Баткен облусундагы акимдердин байлыгын карап чыктык.

Материал акимдердин 2017-жылга карата тапшырган декларациясынын негизинде даярдалды. Анда акимдин өзүнө жана жакын туугандарына тиешелүү мал-мүлк жазылган. Жакын туугандарына аялы же күйөөсү, жашы жете элек балдары кирет. Эгер камкордугуна алса, бул тизмеге ата-энеси, бир туугандары жана жашы жеткен балдары да кошулуп калат.

Баткен району

Кеңеш Салихов Баткен районун 2014-жылдын декабрь айынан бери башкарып келет. Ал 2017-жылы 400 миң сомго жакын киреше тапкан. Турак жайы жана 0,26 гектар айыл чарба багытындагы жери бар. Мындан башка эч кандай мүлккө ээлик кылбайт. Башкалар сыяктуу мал-жаны же автоунаасы да жок. Ал эми жакын туугандары бир жылда 165 миң сом иштеп тапкан. Nissan Murano үлгүсүндөгү автоунаа да жакындарына таандык.

Ушул жылдын апрель айында 2018-жылы иш пландарын жетишерлик деңгээлде аткарбагандыгы үчүн өкмөт башчы сөгүш берген.

Кадамжай району

Жаныбек Исаков Кадамжай районуна аким болуп 2017-жылдын июнь айында дайындалган. Жыл аягына чейин болгону 98 миң сом киреше тапкан. 156 чарчы метрди түзгөн турак жайдын ээси. Мындан башка эч нерсеси жок. Жакын туугандары да бир батирге ээлик кылат, жылдык кирешеси 156 миң сомду түзөт.

Жыйынтыктап айтканда, акимдин өзүнүн да, жакын туугандарынын да турак жайынан башка мүлкү жок. Автоунаа да айдабайт.

Лейлек району

Бекмурат Баймуратов Лейлек районун жетектеп жатканына үч жылдан ашты. Кызматка 2016-жылдын февралында дайындалган. Жогорудагы эки акимге салыштырмалуу бардар жашайт десек болот. Жылдык кирешеси 538 миң сом. Баш калкалоочу турак жайга, эки гектарга жакын айыл чарба багытындагы жерге ээлик кылат. Аз сандагы мал кармай турганы да көрсөтүлгөн. Бирок өзүнүн машинасы жок, жакын туугандары Mercedes-Benz E230 үлгүсүндөгү унаа айдайт. Баймуратовдун болгон мал-мүлкү ушул.

Суд над Еленой Удреей в Бухаресте - Sputnik Кыргызстан
Көчөдө жашайбы? Чүйдүн итке минген жана эң бай акимдеринин тизмеси
Белгилей кетсек, Жазык кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик кызматкер декларациясында кайсы бир мүлкүн жашырса, кылмыш катары саналат. Мыйзамсыз байыгандар айыпка жыгылат же эки жылга эркинен ажыратылат. Ошондой эле эки жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө бөгөт коюлат.

Баса, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевге дал ушул берене боюнча иш козголуп, териштирүү жүрүп жатат.

Мамлекеттик кызматкер декларацияда кайсы мүлктөрүн көрсөтүүгө тийиш:

  • Кыймылсыз мүлк;
  • Кыймылдуу мүлк;
  • Автотранспорттук каражаттар;
  • Маданий баалуулугу бар менчиктер жана өлкө мыйзамдарына ылайык эски буюм катары таанылган буюмдар;
  • Улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары;
  • Баалуу кагаздар;
  • Мал жана башка жандыктар;
  • Зер буюмдар, асыл жана жарым-жартылай асыл металлдар;
  • Жарандарга жана уюмдарга карата финансылык жана башка мүлктүк талаптар;

Уюмдардагы капиталдын аларга таандык үлүшү.

Жаңылыктар түрмөгү
0