Акысыз дарылоо, тамак-аш, аттракцион. Орозодо жүрүп жаткан кайрымдуулук иштер

© AP Photo / Shakil AdilСвященный месяц Рамадан в Карачи, Пакистан
Священный месяц Рамадан в Карачи, Пакистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл орозо 6-майда башталды. Бир айга созулган ыйык орозодо кайрымдуулук иштер менен алектенгендердин саны арбып барат. Мындай учурда муктаж болгондор, ошондой эле кол сунуп жардам берем дегендер дагы көп.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги орозо айында болуп жаткан айрым кайрымдуулук акцияларын тизмектеп, алар менен байланышуу жолун көрсөттү.

Белгилей кетсек, макалага бир күндүк ооз ачыруулар, тамактануучу жайлардагы, кийим саткан дүкөндөрдөгү жана башка жактагы арзандатуу акциялары киргизилген жок.

Акысыз гемодиализ

Бишкектеги "Нефро Центр" медициналык жайы орозо башталгандан бери бөйрөгү ооругандарга акысыз гемодиализ жүргүзүп жатат. Маалыматты аталган клиниканын өкүлү Наргиза Амангелдиева тастыктап берди. Анын айтымында, бул иш орозо бүткөнгө чейин уланат. Гемодиализ баштан-аяк бекер, ошондой эле бейтаптар жаткандыгы үчүн дагы кошумча акы төлөшпөйт.

Бекер ооз ачыруу жана "Орозо баштык" акциясы

Священный месяц Рамазан - Sputnik Кыргызстан
Орозодо кантип туура тамактануу керек? Диетолог менен муфтияттын кеңеши
"Элим, барсыңбы?!" коомдук кайрымдуулук фондусунун муктаж болгон үй-бүлөлөргө ооз ачыруу жана орозо баштыктарын берүү акциясы жүрүп жатат. Бул тууралуу айтылгандарды фонддун жетекчиси Айдар Кубанычбеков ырастады. Анын айтымында, "Орозо баштык" — бул бир үй-бүлөгө жете турчу азык-түлүктөрдү даярдоо, болжол менен 750 сомго айланат. Ал эми бир кишиге ооз ачыруу 350 сомдун тегерегинде. Мындай акция менен "Элим, барсыңбы?!" фондусунун борбордогу жана аймактардагы кызматтары дагы иш алып барууда.

Тиш дарылап, пломбалап беришет

Бишкектеги Matis стоматологиялык клиникасы муктаждарга орозо башталгандан бери акысыз кызмат көрсөтүүдө. Аталган медициналык мекеменин жетекчиси Нуржамал Канатбекованын айтымында, акциянын алкагында тишти дарылап жана ага пломба коюп берүү бекер. Ага балдар дагы, чоңдор дагы кайрыла алат. Ал эми тиштин башка кызматтарына акы төлөнөт.

Муфтияттын "Биз менен ооз ачыңыз" акциясы

Кийинки жумадан тарта муфтият "Биз менен ооз ачыңыз" акциясын баштайт. Бул туурасында редакцияга Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Акциянын алкагында муктаж жарандарга ооз ачырышат. Жардам керектер жана көмөк көрсөтөм дегендер муфтият менен байланышса болот.

"Өзгөчө" балдар үчүн акысыз кароолор

Логопед, "Угууну жана сүйлөөнү өнүктүрүү" борборунун директору Гүлнара Ногойбаеванын билдиришинче, ал орозо бүткөнчө балдарды акысыз карай турган акция өткөрүүдө. Аталган борбор угуу, сүйлөө, жазуу жана башка мүмкүнчүлүгү кечеңдеп жаткан балдарга жардам берүү иштерин жасайт.

Балдар үчүн акысыз аттракцион

Жеке ишкер Тилек Иманов орозо айында муктаж жарандардын балдарын аттракциондоруна бекер түшүрүп жатат. Ал редакцияга билдиргендей, аттракциондор жуманын баштапкы үч күнү саат 15:00дөн 18:00гө чейин Бишкектеги Тунгуч кичирайонунда, Токмок жана Кара-Балта шаарларында кызмат көрсөтөт.

"Рамазан чатыры" жана "Жардам пункту" акциялары

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Эргешов: орозо учурунда түкүрүүгө, шилекей жутканга, тиш жулдурууга болот
Аталган кайрымдуулук иштерин Umma журналы өткөрүүдө. Басылманын ыктыярчысы Рабия Мамараджапованын айтымында, "Рамазан чатыры" акциясынын алкагында күн сайын 100дөй жардамга муктаж адам ооз ачып, белек-бечкектерге ээ болушат.

Ошондой эле күн сайын "Жардам пункту" акциясы жүргүзүлүүдө. Анын алкагында каалоочулар кийим-кече, азык-түлүк түрүндөгү жардамдарды калтырып кете алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0