Депутаттар ишкерлер күнүн салтанаттуу белгилөөнү сунушташты

© Sputnik / Жоомарт УраимовФлаг Кыргызской Республики
Флаг Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлдөрү иш-чаралардын болжолдуу планын иштеп чыккан.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаттары жыл сайын 20-сентябрда белгиленип келген ишкерлер күнүн салтанаттуу белгилөөнү сунушташты.

Токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду.

Грек жаңгагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар жакырчылыкты жаңгактын эсебинен жоюуну сунушташты. Долбоор
Депутаттар республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдө ишкерлердин орду чоң экенин, алардын арты менен бир топ жумушчу орундар түзүлүп жатканын белгилешүүдө.

Эл өкүлдөрүнүн айтымында, ишкерлерге стимул берүү үчүн 20-сентябрда ар кыл иш-чараларды, форум, конференция жана концерттерди уюштуруу зарыл. Мындан тышкары, алдыңкы бизнесмендерге мамлекеттик сыйлык кароону сунушташкан. Ал эми майрамдык иш-чаралар облус, шаар жана райондордун деңгээлинде өткөрүлүшү кажет.

Болжолдуу иш-чаралардын тизмеси:

  • бизнес тууралуу республикалык форумдар;
  • өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкон ишкерлерди мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо;
  • "ишкерлик чөйрөсүндө облустар жумалыгын" өткөрүү;
  • облустук конференцияларды өткөрүү;
  • чакан жана орто бизнестин өндүргөн товарынын көргөзмөсүн жана жарманкелерди уюштуруу.

Мындан тышкары, өкмөт иш-чаралардын планы боюнча өз сунушун бериши керек.

Токтомдун долбоорунда ишкерлер күнүн белгилөөгө кеткен каражат республикалык бюджеттен каржыланары айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0