Жаңы ачылган Бишкек — Шарджа каттамын эмираттын компаниясы аткарат

© AFP / RABIH MOGHRABIОзеро Халед в Шардже
Озеро Халед в Шардже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бириккен Араб Эмирлигинин компаниясы жумасына төрт ирет каттайт.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинин Air Arabia компаниясы 4-июлдан тарта Шарджадан Бишкекке түз каттам ачат. Бул туурасында эмираттык Khaleej Times басылмасы жазып чыкты.

Эмираттык компания Шарджа — Бишкек — Шарджа каттамын жекшемби, шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү жүргүзө тургандыгын айтты.

​Каттамдар төмөнкүчө болмокчу:

— Шарджадан жергиликтүү убакыт менен 21.30да чыгып, Бишкекте түнкү 3.20да конот;

— Бишкектен 4.20дан чыгып, Шарджага эмират убактысы менен 6.40та конот.

Жолго төрт саатка чукул убакыт кетет.

Учурда Кыргызстандын аба жолу аркылуу Бириккен Араб Эмирлиги менен FlyDubai компаниясы аркылуу байланышы бар. Ал аптасына жети жолу каттап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0