Таластагы үйүнөн чыккан 14 жаштагы кыз беш күндөн соң Оштон табылды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКөчөдө бараткан кыз. Архив
Көчөдө бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гаухар Абасбекова үйүнөн 17-апрелде чыгып кеткен.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы Гаухар Абасбекова Ош шаарынан табылганын Талас облустук милициясы билдирди.

Буга чейин өспүрүмдүн Таластагы үйүнөн 17-апрель күнү болжол менен саат 7.40тарда чыгып кеткени айтылган. Такталбаган маалыматтар боюнча, кызды Бишкектеги ЦУМдан көргөндөр да болгон.

Өспүрүм беш күндөн кийин табылган, бирок маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарына бүгүн гана белгилүү болду.

"Укук коргоо органдары Гаухарды 4-5 күндөн кийин эле Оштон табышкан, абалы жакшы. Алдын ала маалымат боюнча өспүрүм чоңдордун уруксатысыз эле Бишкек менен Ош шаарларын кыдырып көрүүнү чечкен", — дешти милициядан.

Ушу тапта Гаухар жакындарынын жанында экени кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0