Кыргызстанда 1605 эне президенттин колунан сыйлык алат

Жазылуу
Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Республиканын көп балалуу энелерин "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо жөнүндө" жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Памятник Манасу в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"Ит тууду" деп аман алып калышкан. Манастын апасы Чыйырды тууралуу 9 факты
Документтин негизинде жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1135 эне "Баатыр эне" ордени, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 470 эне "Эне даңкы" медалы менен сыйланат.

Толук тизме менен КР президентинин расмий сайтынан таанышууга болот.

Белгилей кетсек, Энелер күнү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 2012-жылы жарыяланган. Бул майрам Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0