Бүтүрүүчүлөр аттестаттарын качан алат? Министрликтин жообу

© SputnikСреднее общее образование в Кыргызстане
Среднее общее образование в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бардык мектептерде окуучулардын ата-энелери жана мектептеги тийиштүү комитеттер менен аттестат тапшыруу аземин уюштуруу боюнча жыйын өткөрүү тапшырылды.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Быйыл 9-классты аяктап жаткандарга аттестаттар 21-июнда тапшырылса, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө 24-июнда берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, бардык мектептерде окуучулардын ата-энелери жана мектептеги тийиштүү комитеттер менен аттестат тапшыруу аземин уюштуруу боюнча жыйын өткөрүү тапшырылган.

"Буйрукка ылайык, ата-энелерден мыйзамсыз акча чогулткандарга дисциплинардык чара көрүлүп, керек болсо мектеп директорлугунан, класс жетекчиликтен жана катардагы мугалимдиктен бошотулат", — деп айтылат маалыматта.

Аттестат тапшыруу күндөрү мугалимдер окуучулардын коопсуздугу үчүн бардык жоопкерчиликти өзүнө алары кошумчаланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0